Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июну №1
Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 30-майындагы № 11/1-3-556-19 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө сунушу
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 30-майындагы № 11/1-3-556-19 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө сунушу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин депутаттары К Арзиевке, Бактыбек уулу Памирбекке жана М. Курамаевке өзүнүн жана жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү боюнча декларацияны тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин төрагасы: | Жамгырчиев А |