Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-августу №1
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын кароо жөнүндө
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н. Өсөровдун докладын угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 5,0 (миллион) сом акча каражаты Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн административдик имаратын куруу үчүн ажыратылсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Базар-Коргон аймактык башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссияна жана ФЭБ бышчысы Н.Өсөровко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин төрагасы: | Жамгырчиев А |