Загрузка документа…
ӨҢ АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-сентябры. №23/1
Он-Арча айыл аймагынын Өнүктүрүү Фонду мекемесинин Уставы жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Молдосалиевдин баяндамасы боюнча айыл аймагына караштуу жер аянттарынан кен иштеткен жана башка ишканалардан жардам катары түшкөн социалдык пакетин натыйжалуу пайдаланууда, инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү калкты социалдык жактан колдоого, айылдын активдүү, таланттуу жаштарын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана айыл тургундарынын жеке ишкерликтерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Он-Арча айыл аймагынын Өнүктүрүү Фонду” мекемесинин Уставы бекитилсин.
2. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Нарын облустук юстиция башкармалыгынан жөнөтүлсүн жана onarcha.naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Молдосалиевге жана экономист-статисти Асангазиева Назгүлгө милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Босунов |