Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-октябры №1
Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 43-беренесинин, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 54-главасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 13-сентябрындагы №133 токтомуна ылайык, Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1, №2 протоколдору бекитилсин.
2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен сессияга катышкан 31 депутаттан 25 депутаттын добушун алган талапкер Молдокадыров Нурбек Асыранкулович Нарын шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелсин.
3. Токтом Нарын шаардык Кеңешинин расмий сайтына жарыялансын.
Төрага: | Ж. Ботоканов |