Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-майы №4
“Бостери Суу” муниципалдык ишканасынын тарифин бекитүү жөнүндө
“Бостери Суу” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун карап талкуулап Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бостери Суу” муниципалдык ишканасынын тарифи ар бир адамга таза суу көчөдөн 12 сом, короонун ичинде болсо 20 сом, , үйдүн ичинен 33 сом, эсептегич (счетчик) менен 1м3 11 сомдон бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Н.Байбосуновго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө укук бузуучулар менен күрөшүү, мыйзамдуулукту сактоо, коомдук уюмдар менен байланыш, Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комитетине тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Ч. Джилкыбаев |
«БЕКИТЕМИН»
Бостери Айылдык
Кеңешинин төрагасы
_________Ч.К.Жылкыбаев
“____”___________2018ж.
“Бостери суу” муниципалдык ишканасынын
2018 жылга тарифи
к№ |
| 1 киши үчүн |
1 | Короодогу колонка | 20 сом |
2 | Көчөдөгү колонкадан суу ичсе | 12 сом |
3 | Суу краны үйдүн ичинде болсо | 33 сом |
4 | Эсептегич боюнча 1 м3 суу үчүн | 11 сом |
Эскертме:Тариф Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин Суу чарба департаментинин 27.01.1997 жылдагы №8 жана “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын 23.01.2001 жылдагы №5/05 приказынын суу колдонуу боюнча нормасынын негизинде бекитилип, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүндө макулдашылган.
“Бостери суу” муниципалдык
ишканасынын жетекчиси: | Н.Т.Байбосунов |
Башкы эсепчи: | Э.К.Абдылдаева |