Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-майы №5
АВП “Долоноту Суунун” тарифин бекитүү жөнүндө
АВП “Долоноту Суунун” жетекчисинин кайрылуусун карап талкуулап Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АВП “Долоноту Суунун” тарифи үлүш жерди 1 жолу сугурууга 250 сом, огород алма бактарды 1 жолу сугарууга 300 сом, дачадагы жер тилкелерин 1 жолу сугаруу 300 сомдон бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Р.Кадыралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө укук бузуучулар менен күрөшүү, мыйзамдуулукту сактоо, коомдук уюмдар менен байланыш, Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комитетине тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Ч. Джилкыбаев |
“Бекитемин” “Макулдашылды”
Бостери Айылдык Кенешинин Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы
Төрагасы ___________Ч.Джылкыбаев _______________А.А.Жамангулов
2018-жылга Сугат суунун тарифи
1. 1га үлүш жерге-250 сом.
2. 1га бакчага (алма бак)-300 сом.
3. Чарбак үчүн-50 сом.
4. Айыл ичинде (огород)-50 сом.
5. Айып пул-5000 сом.
СПА “Долоноту Суу” Жетекчиси: | Р.Б.Кадыралиев |