Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-майы №6
Көчөлөргө жарык берүүчү столбаларды орнотуу жөнүндө
Бостери айыл Өкмөтүнүн сунушун карап талкуулап Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарынын төмөндөгү көчөлөрүнө жарык берүүчү столбалар орнотулсун:
а) Бопоев
б) Достаев
в) Каралаев
г) Шопоков
д) Кыдырмаев
ж) Исмаилов
з) Жайлообаев
и) О.Жолдошев
й) Курманбай
к) Найзабеков
2. Тийиштүү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана токтомдун аткарылышы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Жамангуловго жана ФЭБ башчысы Р.Джумадыловага милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы “Транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик” боюнча комитетине тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Ч. Джилкыбаев |