Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели №3
“Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифин бекитүү жөнүндө
“Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун карап талкуулап Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифи №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын А.Тарпанбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө укук бузуучулар менен күрөшүү, мыйзамдуулукту сактоо, коомдук уюмдар менен байланыш, Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комитетине тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестирине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Ч. Джилкыбаев |
“Макулдашылды” “Бекитемин”
Бостери айыл Бостери айылдык
Өкмөтүнүн башчысы Кенешинин төрагасы
_____________ А.А.Жамангулов ____________ Ч.К.Жылкыбаев
“Бостери Тазалык” муниципалдык ишканасы Сизден таштандыларды алуу үчүн жана айып салуу үчүн 2018-жылга карата тарифтерди берүүңүздү суранат.
№ | Аталышы | Белгиси | Баасы (сом) |
1 | Айыл тургундарынан алынуучу төлөм | Бир короодон | 50 |
2 | Городоктун жашоочуларынан | Бир адамдан | 15 |
3 | Эс алуу жайлары өз техникасы менен таштанды төгүүчү жайга төгүшсө, төлөм | 1 машина 3,5 куб.метр | 700 |
4 | Эс алуу жайларынан ишкананын техникасы менен таштанды алынса | 1 контейнер | 250 |
5 | Айыл тургундары өз женил техникасы менен таштанды төгүүчүү жайга төгүшсө, төлөм | 1 куб.метр | 100 |
6 | Сеялканын кызмат акысы | 1 гектар | 500 сом (10 литр ГСМ) |
7 | Соконун кызмат акысы | 1 гектар | 1000 сом (25 литр ГСМ) |
8 | Погрузчиктин кызмат акысы | 1 саат | 1000 (25 литр ГСМ) |
9 | Комбайндын кызмат акысы | 1 га | 1000 (ДТ-25 литр ГСМ) |
10 | Бостери айыл аймагынын тегерегинде өз алдынча төккөндөргө айыптын төлөмү | Ордунан далилдеп | 1000 сомдон-5000 сомго чейин |
Жетекчи: | А.Тарпанбаев |