Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели №5
Жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусунун, Ысык-Көл райондук архитектура башкармалыгынын 23.04.2018-жылдагы №91-18 жер участогунун планынын негизинде,Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айылында жайгашкан “Бостери” эс алуу жайына кирүүчү жолдун чыгыш тарабындагы 47м2 жер тилкесин коомдук ажаткана салуу максатында муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алуу жагы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Жамангуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин
Төрага: | Ч. Джилкыбаев |