Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №29
Бостери айыл аймагынын 2019-жылга жергиликтүү бюджети жана 2020-жылга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жана Бостери айыл аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 59719,9 (элүү тогуз миллион жети жүз он тогуз миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинен атайын каражаттар боюнча 1900,0 (бир миллион тогуз жүз миң) сом эсебинде бекитилсин.
2. 2020-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 55929,0 (элүү беш миллион тогуз жүз жыйырма тогуз миң) сом өлчөмдөгү долбоору жактырылсын.
3. 2021-жылга карата 52704,1 (элүү эки миллион жети жүз төрт мин бир жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. 2018-жылдан 2019-жылга калган калдык 19686,0 (он тогуз миллион алты жүз сексен алты миң) сом эсебиндеги калдык тиркеменин негизинде бөлүнүп бекитилсин.
5. Биринчи жарым жылдык менен калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерин пайдалануу үчүн аянтына жараша жер салыгы 4000,0 (төрт миллион) сомго кыскартылсын.
6. Мектепке чейинки мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы балдардын санына жараша 900,0 (тогуз жүз миң) сомго көбөйтүлсүн.
7. Жыл ичинде акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышы Бостери айыл аймагынын башчысы А.А.Жамангуловго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Д.Джумадыловага милдеттендирилсин.
9. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик каттоо реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
10. Токтомду контролдоо жагы бюджет, финансы, экономикалык инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ч. Джилкыбаев |