Загрузка документа…
ТОРУ АЙГЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №29
Айылдык Кеңешинин ченемдик-укуктук актылары жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын ченемдик-укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө” Типтүү жобонун 6-пунктуна ылайык Тору-Айгыр айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тору-Айгыр айыл аймагынын калкынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилдеги калк болгондугуна байланыштуу айыл Кеңештин ченемдик-укуктук актылары мамлекеттик кана тилде жүргүзүлсүн.
2. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына укуктук-нормативдик актыларын реестрине киргизүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Тору-Айгыр айыл өкмөтү У.К.Керимбаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | К.А.Акимбаев |