Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-сентябры №1.2
“Шаркыратма Суу” ичичүү сууну керектелүүчү айылдык коомдук бирикмесин жөнүндө
“Шаркыратма суу” ИСКАКБ кайрылуусунун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган 2-февраль 2010-жылдагы №59-токтомуна ылайык, Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01.01.2018-жылдан тартып “Шаркыратма суу” ичичүү сууну керектелүүчү айылдык коомдук бирикмеси жоюлсун.
2. Бактуу-Долоноту айылындагы ичүүчү таза суу боюнча керектүү шаймандарын акысыз өткөрүп алуу жана мындан ары тийштүү иштерди жүргүзүү жагы “Бостери Суу” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөо жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4. Токтом массалык малымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Ч. Джилкыбаев |