Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-декабры №4.1
Бостери айылындагы айдоо жер тилкелерине суу баруучу арыктарды муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин кайрылуусун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жонүндөгү” 15-март 2002-жылдагы №37-мыйзамына ылайык, Бостери айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айылынын түндүк тарабындагы жайгашкан “Жак-Таш” аймагындагы 200 (эки жүз) чарчы метр жана “Кара-Жылга” аймагындагы 7000 (жети мин) чарчы метр айдоо жер тилкелерине суу баруучу арыктары муниципалдык менчикке алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы Бостери айыл Өкмөтүнө жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага: | Ч. Джилкыбаев |