Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-сентябры №31/1
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсеп счетунда бош калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө 28- беренесинин 1,2 пунктунун 31- беренесине ылайык” Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2019-жылга карата бюджеттен ар кандай чыгымдар беренесинде бош калган акча каражаттан калган 976150 мин сом акча каражатынан аппаратка жана бала бакчаларга төмөндөгүдөй статьяларга жылыштырып бөлүштүрүлсүн.
№ | Берене | Аппарат | Бала бакча | Баары |
1 | 2222 | 110,0 | 165,0 | 275,0 |
2 | 3111 | 100,0 |
| 100,0 |
3 | 3112 |
| 170,0 | 170,0 |
| Баары: | 220,0 | 335,0 | 545,0 |
2. Бош калган акча каражатты жогорудагыдай бөлүнүштө жылыштырып жана каржылап берүү жагы К.Р.Финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Турдубековго жана ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
4.Көзөмөлгө алуу жагы Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кенешинин экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Төрага: | Р. Зарлыков |