Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-сентябры № 6
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө жобосуна ылайык жана Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясы күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жооптуу катчы Б.Абдураимованын маалыматы эске алынсын.
2. Достук айылдык кеңешинин төрагасы Мансиркулов Элдарбек Муйдинбековичти «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгисине көрсөтүү сунуш кылынсын.
3. Токтомду бекитип берүү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары | С.Ташбаева
|