Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-сентябры №32/2
Эки тараптуу түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчилике алып Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен айыл өкмөтүнүн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу эки тараптуу Типтүү келишими бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн социалдык жактан коргоо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдардын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана акча каражаттарынын мыйзам чегинде чыгымдалышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Зарлыков |