Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-апрели № X VII/1
Терек айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерин ижарага берүү” токтомуна ылайык Терек айылдык Кеӊешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл аймагындагы жер комиссиясынын курамы бекитилсин.
2. Терек айыл аймагындагы жер комиссиясынын келечек планы бекитилсин.
3. Климаттык оор шарттарды эске алып айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү конкурстук негизде берилсин.
4. Айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үрѳѳнчүлүк чарбаларга , кооперативдерге жана үрѳѳн фонддорго ижарага түз берилсин.
5. Айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы 750(жети жүз элүү) сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссияга тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышыны кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырамын
Төрайымы: | Ж. Ажиева |