Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры № 1
Достук айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 2019-жылдын 24-сентябрындагы кызматташтык тууралуу макулдашуу жөнүндө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы З. Мамасадыковдун маалыматын угуп жана талкуулап Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоору менен түзүлгөн Кызматташтык тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш- чаралардын планын турмушка ашырууга берилүүчү 34 895 (отуз төрт миң сегиз жүз токсон беш) сом дарамети жогорулатуу боюнча грантынын эсебинен Достук айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 34 895 (отуз төрт миң сегиз жүз токсон беш) сомго, чыгаша бөлүгү34 895 (отуз төрт миң сегиз жүз токсон беш) сомго өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомдун негизинде Достук айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү Достук айыл өкмөтүнүн ФЭБунун убактылуу милдетин аткаруучу Н.Абдышовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айылдык кеңешинин Экономика жана бюджет боюнча боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Мансиркулов
|