Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-майы №XIX/1
Жайыт акы боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттарды пайдалануу” мыйзамына ылайык Депутаттардын Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга жайыт акы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин.
Кой, эчки - 18 сом
Уй - 90 сом
Жылкы – 100 сом
Топоз - 90 сом
Эшек - 90 сом
2. Погрузчик тракторунун кызматы
Шагыл, топо жүктѳѳ - 250 сом
Кык, таштанды жүктѳѳ- 200 сом
Түздѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ – 1300 сом (саатына)
Арык казуу метрине – 15 сом
3. Трактористке айлык акы катары трактордун иштеп тапкан акчанын 30% ти келишимдин негизинде тѳлѳнүп берилсин.
4. Жайыт акыдан айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине түшкѳн акча каражаты кайра
толугу менен жайыт комитетинин бюджетине которулуп берилсин.
5. Буканын кызмат кѳрсѳтүүсү жайкы мезгилге 200 сом, кышкы убакка 500 сом.
6. Бада акысы Арпага жайлоосуна 40 сом, Орто-Сырт жайлоосуна 35 сом.
7. Малчылырдын көчүп-конуу графиги
Орто жайлоого - 10-апрелге чейин
Орто-Сыртка - 15-июнга чейин
Арпага - 15- июнга чейин
Күзгү көчүп келүү 10-октябрь
Күзгү жылкы тосуу - 1-сентябрдан 10- октябрга чейин түзүлгөн графиктин негизинде тосуу жагы белгиленсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин тѳрагасы Т.Кожоевга милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы
С.Мыктыбековго тапшырылсын.
Төрайымы: | Ж. Ажиева |