Редакцияот 05.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Депутаттардын Терек айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын XXI кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 5-августу №XXI /2

Кыргыз Республикасынын конституциясынын, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» жана «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен келишим түзүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жѳнүндѳ» мыйзамына Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Ак-Талаа райондук социалдык ѳнүүгүү башкармалыгы менен Терек айыл ѳкмѳтүнүн типтүү келишими бекитилсин.

2. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен социалдык маселелер боюнча адиске берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүүсү суралсын.

 

Төрайымы:

Ж. Ажиева