Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры №1
Жалал-Абад шаарынын “Жалал-Абад Сууканал” башкармалыгынын башчысы Т.Бакировго ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын “Жалал-Абад Сууканал” башкармалыгынын башчысы Т.Бакировго ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.
2. Чечим кабыл алуу үчүн токтом Жалал-Абад шаарынын мэрине жиберилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Джолдошев |