Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры №2
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоору жана 2021-2022-жылдарга божомолун жактыруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 02.07.2019-жылдагы чыгыш № 04-04/1780-катты шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 95-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 469817,3 миӊ сом, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 80554,9 миӊ сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга түзүлгөн чыгаша бөлүгүнүн долбоору 469817,3 миӊ сом, анын ичинен атайын төлөмдөр 80554,9 миӊ сом өлчөмүндө жактырылсын.
3. Жалал-Абад шаардык финансы бөлүмүнүн башчысына (А.Раматиллаев) Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоору жана 2021-2022-жылдарга божомолун Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
4. 2019-жылдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине бекитилген пландан ашыкча түшкөн каражат жана шаардын аймагындагы көмүскө ишкердүүлүктү ачыкка чыгаруу боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2020-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Джолдошев |