Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30 сентябры №4
Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында жайгашкан, айыл-чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун көп жылдык, кайракы жана чөп орок жерлеринин ижара акысы жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 05.07.2019-жылдагы чыг.№04-09/1838-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында жайгашкан, айыл-чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун көп жылдык, кайракы жана чөп орок жерлеринин бир жылдык ижара акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Көп жылдык бак-дарак эгип пайдаланууга 1,0 га жер тилкесинин бир жылдык ижара акысы 4300 сом болсун.
Кайракы айдоо 1,0 га жер тилкесинин бир жылдык ижара акысы 1000 сом болсун.
Чөп орок 1,0 га жер тилкесинин бир жылдык ижара акысы 250 сом болсун.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Джолдошев |