Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30 сентябры №8
Жалал-Абад шаарынын 2018-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жөнүндө шаар мэринин отчетун угуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 44-беренесинин 1-пунктунун 8-пунктчасына ылайык Жалал-Абад шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэринин 2018-жылы аткарган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
|
2018-жылдын жыйынтыгында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы боюнча мэрдин отчету
Уюштуруу иштери боюнча
Жарандардын бийликке болгон ишенимин артыруу жана иш аракеттеринин айкындыгын камсыздоо максатында 2018-жылдын 9-январында «Жалал-Абад шаарынын 2018-2027-жылдарга өнүгүү программасындагы шаардын инвестициялык долбоорлорун талкуулоо” боюнча, 17-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» №2-Жарлыгын аткаруу үчүн түзүлгөн иш – чараларды талкуулоо максатында жана 13-апрелинде «Жалал-Абад шаарын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорунун II фазасынын техникалык-экономикалык изилдөөлөрү жөнүндө» талкуулоо боюнча шаар тургундары катышкан 3 коомдук угуу өткөрүлдү. Мэрдин эл менен болгон жолугушуусу аймактарда 11 жолу уюштурулуп, кээ бир маселелер жеринде чечилди. Жолугушуулардагы көтөрүлгөн негизги көйгөйлөр: көчөлөргө шагыл төгүү, асфальт төшөө, жарыктандыруу, бала бакча куруу жана таза суу болду.
Кыргыз Республикасынын «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамын аткарууга алуу максатында 2018-жылдын жыйынтыгында шаар боюнча 1476 турак-жай жана 9 автобус, 104 кичи автобус, 15 такси унаалары камсыздандырылды.
Этностор аралык мамилелерди чыӊдоо жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча шаарда 6 маданий борбор катышкан «Ачык эшик күндөрү», «Түрк-Ата» жана уйгур маданий борбору тарабынан «Чынгыз Айтматовдун 90-жылдык юбилейине» жана Энелер күнүнө арналган иш-чара, «Идель» татар-башкыр маданий борборунун «Сабантуй» майрамдык иш чаралары өткөрүлдү.
Жыл ичинде шаардагы аймактык башкаруулардын жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди. Кварталдык комитеттердин Жобосу иштелип чыгып, шаардык кенештин чечими менен бекитилди. Аксакалдар сотторунун иштөө регламенттери түзүлүп, аймактык башкарууларга иштөөгө берилди. Курманбек жана Достук АБсунда 2 жаны кварталдык комитеттер түзүлдү.
Мындан сырткары, Бузуулар Кодексин аткарууга алуу максатында Бузууларды кароо тартиби жөнүндө мэриянын Жобосу жана комиссиянын курамы шаардык кенеш тарабынан бекитилди.
Экономика жана Өнөр жай
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды Региондорду өнүктүрү жылы деп жарыялоо жөнүндө» № 2 ПЖ жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-мартындагы № 194 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 26-мартындагы № 52-кт токтомдорунун негизинде региондорду жана шаарыбызды социалдык-экономикалык Өнүгүү Программасы менен 2018-жылга белгиленген тапшырмаларды аткарууда шаарыбыздын айыл чарба тармактарынан тышкары жылдын жыйынтыгы менен биз эл чарбасынын тармактарында ийгиликтерге да жетише алдык.
Аткарылган иштердин жыйынтыгында 2018-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө айыл чарба тармактарынан тышкары реалдык сектордун бардык тармактарында өсүү темпин камсыздоого жакшы жетишкендиктерге ээ болдук, шаарыбыздын инфраструктура түзүмүн оңдоого, жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга жетише алдык.
Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү реалдуу сектордун ийгилиги менен тыгыз байланышкан. Ошого байланыштуу биз 2018-жылда экономиканын реалдуу секторунда кандай иштер болгонуна назар салышыбыз, оң жана терс жактарын аныкташыбыз, ошого жараша жасай турган кадамдарыбызды белгилеп, алга жылышыбыз шарт.
Адегенде эле мен биз үчүн маанилүү болгон өнөр жай тармагынан баштагым келет. Себеби, шаарыбыздын өнөр жайы область боюнча алгандагы үлүшү 14,1 % түзөт.
Шаар боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан 3 млрд. 648,0 млн. сомдук продукция өндүрүлдү жана өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 148,7%ды түздү.
Шаардагы көпчүлүк өнөр жай ишканалардын жетекчилери ички рессурстардан туура пайдаланып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу эсебинен бош турган өндүрүштүк кубаттуулуктарында кеңири керектелүүчү товарларды иштеп чыгууну жолго салышып, жакшы жетишкендиктерге жетише алышты.
Тактап айтсак, өткөн 2017-жылга салыштырмалуу шаарыбыздын 13 өнөр-жай ишканалары тарабынан 378,5 млн. сомдук кошумча продукция өндүрүлүп, башкача айтканда бул шаар боюнча өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 10,3% түздү. Алар төмөндөгү ишканалар: “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому (жетекчиси Н. Максутов)– 266,7 млн. сомдук, “Жогорку кубаттуулук электр тармактары” ачык акционердик коому (жетекчиси А. Машрапов) – 55,1 млн. сомдук, “Жылуулук” райондор аралык бирикмеси (жетекчинин м.а. Р. Кожомбердиев) – 13,8 млн. сомдук, “Келечек” ЖАК (жетекчиси К. Туманов) – 12,1 млн. сомдук, “Ахмат Ата транс” ЖЧКу (жетекчиси Б. Борошов) – 6,6 млн. сом, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекеме (жетекчиси ) – 5,7 млн. сомдук, “Жалал-Абад сууканал” башкармалыгы (жетекчиси Т.Бакиров) – 5,4 млн. сомдук, “Баяна Стиль” ЖЧК (жетекчиси А. Имаров) – 3,8 млн. сомдук, “Келечек” мамлекеттик ишканасынын филиалы (жетекчиси Т. Касымов) – 3,6 млн. сомдук, “Лесной продукт” ЖЧК (жетекчиси Г. Исмаилова) – 2,5 млн. сомдук, “Борбордук Азиядагы ташты кайра иштетүүчү завод (жетекчиси З. Айтакунов) – 0,7 млн. сомдук, “Насос” АК (жетекчиси Н. Абдурахманов) – 0,6 млн. сомдук, “Кыргыз көзү азиздер жана дүлөйлөр” окуу өндүрүштүк бирикмеси (У. Печелов) – 0,4 млн. сомдук жана “ЮКиМ” ЖЧК (жетекчиси Д. Ким), “Кок-Арт” ЖЧК (жетекчиси М. Нурдинов) өткөн жылга салыштырмалуу көп продукция өндүрүүгө жетише алышты.
Шаарыбыздын жеке ишкерлери тарабынан 2018-жылда 104,1 млн. сомдук продукция өндүрүлдү, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 137,9 % түздү, же башкача айтканда кошумча 28,6 млн. сомдук продукция өндүрүүгө жетише алышты.
Бирок, 2018-жылдын жыйынтыгы менен шаардын ири өнөр жай ишканалары: “Жалал-Абад нефти кайра иштетүүчү завод Кыргыз-Өзбек-Азербайджан биргелешкен жоопкерчилиги чектелген коому (жетекчиси Ш. Ташиев) – 198,1 млн. сомдук, “Элнур Дан” жоопкерчилиги чектелген коому (жетекчиси Б. Абдурахманова) – 49,5 млн. сомдук, “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коому (жетекчиси К. Маматканов) – 25,6 млн. сомдук, “Газпром-Кыргызстан” жоопкерчилигинин “Жалал-Абадгаз” филиалы (жетекчиси ) – 21,6 млн. сомдук, “Элдик” мамлекеттик ишканасы – 3,6 млн. сомдук продукция өткөн жылга салыштырмалуу кем өндүрүштү жана өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 11,6%ын түздү, же болбосо жалпысы болуп 424,4 млн. сомдук продукция кем өндүрүштү.
Айыл чарбасы
Шаар боюнча салыштырмалуу баада 253,0 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 91,9% ды түздү.
Айыл чарба тармагы боюнча белгиленген пландын аткарылбагандыгынын себеби, шаар боюнча 120,6 млн. сомдук таалачылык продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 82,6%ды түздү, же болбосо 28,4 млн. сомдук продукция кем өндүрүлдү.
Таалачылык продукциясынын өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпинин төмөндөшүнүн негизги себеби бул өткөн жылга салыштырмалуу күздүк буудай, жүгөрү, картошка жана жашылча өсүмдүктөрүнүн эгилген жер аянттарынын кыскарганы.
Ал эми, 132,3 млн. сомдук мал чарба продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 102,4%ды түздү.
Мал чарбасында 2018-жылдын жыйынтыгы менен 476,0 тонна эт өндүрүлдү, өткөн жылга карата өсүү темпи 102,4%ды, 2771,0 тонна сүт өндүрүлдү, өсүү темпи 103,7%ды, 1065,0 миң даана жумуртка өндүрүлүп, өсүү темпи 90,3%ды жана 21,1 тонна жүн өндүрүлүп 96,3%га өсүүнү камсыз кылынды.
Кичи мүйүздүү малдардын жана канаттулардын саны 2018-жылда өткөн жылга салыштырмалуу кыскаргандыгына байланыштуу жүн жана жумуртка боюнча план аткарылбай калды.
Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, чекене соода жана акылуу кызмат көрсөтүү
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти 2018-жылдын он эки ай ичинде шаардык казынага акча каражаттарынын көлөмүн көбөйтүү максатында бир топ максаттуу иштерди жүргүзүүдө.
Департаменттин максаттуу жүргүзүп жаткан ишинин негизинде шаардык жергиликтүү казынага 2018-жылдын он эки ай ичинде 23 619 396,41 сом түшкөн, бекитилген план үстүбүздөгү жылдын он эки ай ичинде23 373 810,80 сомго белгиленген. Киреше жагынан план 101,05 % аткарылды.
Анын ичинен жергиликтүү бюджетке - 14 491 445,53 сом таза киреше чегерилген. Бөлүмдүн чыгашалары: Кызматкерлерге эмгек акы- соц.фондго, коммуналдык төлөмдөр ар башка төлөмдөрдөн кийин 2019-жылдын 01-январь айына атайын эсептен калган акча каражат - 345 382,69 сомду түзөт.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 26-октябрындагы №7 протоколуна ылайык шаар аймагындагы Чехов көчөсүндөгү эл жүрүүчү жолдогу убактылуу соода жүргүзүп жаткан соодагерлерге департамент тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө аты аталган көчөдөгү соода түйүндөр иретке келтирилип, ар дайым көчөнүн тазалыгын, тартибин көзөмөлдөө үчүн атайын инспектор дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнундөгү» токтомун жана Жалал-Абад шаарынын 2018-жылдын 21-ноябрындагы №338-б буйругун ишке ашыруу максатында Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти тарабынан 2018-жылдын 12-декабрында Ленин көчөсүндө жайгашкан «Мир» кинотеатрдын алдында ден -соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн төмөндөтүлгөн дүң баада айыл чарба продукцияларынын жана кийим-кече жарманкеси уюштурулду.
Жалал-Абад шаарынын 23.01.2018-жыл №10-кт токтомунун негизинде Санитардык- экологиялык инспекциясынын адистери күн сайын нөөмөнөткө туруп, шаар аймагындагы эл жүрүүчү жолдордо чачкынды соода жүргүзгөн соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл жүрүүчү жолдор иретке келтирилүүдө.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №372-б буйругуна жана шаар аймагындагы соода түйүндөрүнүн жетекчилеринен, жеке ишкерлерден келген кайрылууларга ылайык Ленин, Чехов жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн муниципалдык жерлеринде 2018-жылдын 15-декабрынан 2019-жылдын 02-январына чейин «Жаны жылдык белектердин» жарманкеси уюштурулду.
Санитардык-экологиялык инспекциясынын адистери тарабынан 2018-жылдын ай ичинде абаттоонун негизинде жалпысы болуп 1405 жаранга эскертүү баракчалары берилип, анын ичинен 1261 жаран коюлган талаптарды өз убагында аткарды. Ал эми аткарбаган 144 жаранга Акт түзүлүп, административдик комиссияга тапшырылып, акчалай айып пул салынды жана 670 оозеки эскертүү берилип, коюлган талаптар жеринде аткарылды.
Аткарылган жумуштардын негизинде 2018-жылдын жыйынтыгы менен шаар аймагында салыштырмалуу баада 21 млрд. 367,4 млн. сомдук чекене соода жүргүзүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 101,5%ды түздү.
Анын ичинен, уюштурулган соода тармагында 9 млрд. 442,5 млн. сомдук чекене соода жүргүзүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 103,6%ды түздү.
Ал эми, уюштурулбаган соода тармагында 11 млрд. 991,4 млн. сомдук чекене соода жүргүзүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 100,0%ды түздү.
Шаар боюнча мейманканалар жана коомдук тамактануу жайлары 2018-жылдын жыйынтыгы менен 972,1 млн. сомдук соода жүргүзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 100,0%ды түздү.
Шаарыбыздын тургундарына 3 млрд. 864,5 млн. сомдук акылуу кызмат көрсөтүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 101,6%ды түздү. Анын ичинен, юридикалык жактар тарабынан 1 млрд. 917,2 млн. сомдук акылуу кызмат көрсөтүлдү жана өткөн жылга өсүү темпи 105,4%ды түздү, ал эми физикалык жактар – 1 млрд. 947,3 млн. сомдук акылуу кызмат көрсөтүлдү жана өсүү темпи 98,2%ды түздү.
Инвестициялар боюнча.
2018-жылдын жыйынтыгы менен шаардын ар түрдүү тармактарына тартылган инвестиция жалпысынан 4 млрд. 544,1 млн. сомду (расшивровку) түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 141,1%ды түздү. Тартылган инвестициялардын ичинен ички инвестиция каражаты 2 млрд. 540,1 млн. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 104,4%ды түздү. Ал эми тартылган тышкы инвестициялардын көлөмү 199,5 млн. сом болуп, өсүү темпи 22,3% түздү.
Дүйнөлүк финансалык жана экономикалык кризис өнөр жай тармагында – 14,2%га, чекене соода жана акылуу кызмат тармагында – 50,1%га, айыл чарба тармагына инвестициялардын көлөмүнүн төмөндөшүнө алып келди.
Бирок, социалдык тармакда тартылган инвестициялардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 167,8%, ал эми башка тармактарда – 180,8 % га өсүш камсыз кылынды.
Кыргыз Республикасынын дем берүүчү гранттарды эсебинен каржылана турган долбоорлорду даярдоо үчүн аймактык башкармалардын башчылары, ишкана-мекемелердин жетекчилери жана эсепчилеринин катышуусу менен бизнес-долбоорлорду түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн натыйжасында 2018-жылда 7 долбоор даярдалган. Комиссия тарабынан шаар боюнча 7 млн. 569,0 сомдук 6 долбоор тандап алынып, Каржы министрлигине сунушталган. Жактырылып, республикалык бюджеттен каржыланган 6 долбоор азыркы күндө бардыгы толугу менен турмушка ашырылды.
Анын ичинен, жергиликтүү бюджеттен 3785,1 миң сом каржыланса, ал эми республикалык бюджеттен 3784,0 миң сом акча каражаты берилди. Дем берүүчү гранттардын алкагында “Токтогул” эс алуу багынын тосмолору ондолду, № 7 балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоо иштери аткарылды, № 16 мектептин эшиктери жана терезелери алмаштырылды, № 19 балдар бакчасынын жана № 4 мектептин терезелери алмыштырылды, ошондой эле № 7 мектептин имаратынын полу алмаштырылды.
2019-жылга дем берүүчү гранттарды эсебинен каржылана турган 9 долбоорлор 20 млн. 168,4 млн. сомго иштеп чыгылып Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинин Жалал-Абад башкармалыгына тапшырылды.
Шаар аймагынын түрдүү тармактарына тартылган инвестициялардын эсебинен жалпы шаар аймагында 2018-жылдын ичинде 66 жаңы ишканалар ачылып, шаар боюнча өнөр-жай тармагында 107 жаңы, башка тармактарда 409 жумушчу орун жана 1271 убактылуу жумуш орундар түзүлдү, башкача айтканда өткөн жылга салыштырмалуу жумуш орундардын өсүү темпи 101,9%ды түздү.
Муниципалдык менчикти башкаруу
Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2018-жыл ичинде шаардын муниципалдык менчик башкармасынын обьектилеринин иш деңгээлин жогорулатуу, аларды эффективдүү жана рационалдуу колдонуу боюнча, шаардык казынага акча каражаттарынын көлөмүн көбөйтүү максатында бир топ сапаттуу иштерди жүргүзүүдө.
2018-жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармасы тарабынан мэриянын алдындагы жер участкаларын ижарага берүү боюнча комиссиясынын 13 чогулушу өткөрүлүп, ал чогулуштарда 257 арыз жана кайрылуулар маселелер каралды. Шаардык мэриянын алдындагы турак жай боюнча коомдук комиссиянын 13 чогулушун өткөрүп, ал чогулуштарда 50 арыз жана кайрылуулар каралып чыгылган.
Муниципалдык менчик башкармалыктын максаттуу жүргүзүп жаткан ишинин негизинде шаардык казынага 2018-жылдын 12-ай ичинде 16958,4 миң сом түшкөн, бекитилген планда үстүбүздөгү жылдын 12-ай ичинде 14492,9 миң сомго белгиленген. Киреше жагынан план 117,0% га аткарылган же болбосо 2465,5мин сом ашыкча акча каражаты түшкөн.
Тактап айтсак, Муниципалдык менчик башкармалык тарабынан 2018-жыл ичинде бекитилген пландын жыйынтыгы төмөндөгүдөй аткарылган:
2018-жылдын 12-ай ичинде жер участокторун ижарага берүү боюнча 9 жолу конкурс өткөрүлүп,конкурс аркылуу 95 жер участкасы ижарага берилген,жер участокторун ижарага берүүдөн 8023,6миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план боюнча 7400,0миң сом болсо, планды аткаруу 108,4% ге аткарылган же болбосо 623,6 миң сомго ашыкча акча каражаты шаардык казынага түшкөн.
Шаар аймагындагы муниципалдык автопарковкаларды иретке келтирүү жана бюджетти көбөйтүү максатында жеке адамдардан авто транспорт каражаттарын коюу укугу үчүн жыйымдардан 3119,7миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план боюнча 3175,0миң сом болсо, планды аткаруу 98,3% ге аткарылган же болбосо 55,3миң сомго аз аткарылган. Пландын аз аткарылгандыгынын себеби, ноябрь айында шаардын Ж.Бакиев көчөсүнүн жана Чехов көчөсүнүн жолдоруна казуу жумуштары жүргөндүгүнөн улам жолдун жабылып тургандыгы болду.
Муниципалдык менчик башкармалыктын жарнак жана кооздоп жасалгалоо бөлүмү тарабынан шаар аймагында жайгашкан 124 даана жарнак калкандар менен ижара келишими түзүлдү. Шаар аймагындагы жарнак жана кооздоп жасалгалоо кызматтарына уруксат берүүчү документтерди бергендик үчүн акы төлөө кызматынан 1931,9миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план боюнча 1917,9миң сом болсо, планды аткаруу 103,2% га аткарылган же болбосо 55,6миң сомго ашыкча аткарылган.
Муниципалдык менчик башкармалыктын карамагында болгон жашоого ыңгайлашпаган имараттарды жана курулуштарды ижарага берүүдөн 2018жылдын 12-ай ичинде башкармалыкка 3883,2 мин сом түшкөн, бекитилген план боюнча 2000,0миң сом болсо, планды аткаруу 194,2% га ашыкча аткарылган,себеби “Скай Мобайл” ЖЧК тарабынан 1606,0мин сом акча каражаты мурдатан муниципалдык жер тилкеге антенналык мачталык жабдыктарын орнотуп иштетип келе жаткандыгынан муниципалдык менчик башкармалыгы аныктап коп жылдык толонбой калган ижара акысын ондурулгондугунун натыйжасы болгондугун белгилейбиз.
Муниципалдык менчик башкармалык тарабынан келишимдик негизде ижарага муниципалдык менчик обьектилерин жашоого ыңгайлашпаган имараттарды төмөндөгү мекемелерге, жеке менчик стоматологиялык кабинетке, жеке менчик гинекологиялык клиникаларга, Сүрөтчүлөр союзуна, мэриянын имаратында жайгашкан Түштүк филиал ОсОО “Альфа телеком”, ОсОО “Скай Мобайл” ишканаларына ижарага берилген.
2018-жылдын 12-ай ичинде муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан соттун чечиминин негизинде жеке менчикке өтүп кеткен объекттерди кайтаруу боюнча төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды.
Шаарыбыздагы №15, 21,23 бала бакчалар да Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2006-жылдагы чечими менен “Келечек” ишканасынын жеке менчиги деп табылган. 2012-жылы муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад областтык сотуна арыз менен кайрылып, “Келечек” ААКнун пайдасына чечилген. №15,21 балдар бакчасын Жалал-Абад шаардык мэриясы пайдаланган үчүн шаардык бюджеттен бир жылына 960000(Тогуз жүз алтымыш мин) сом ижара акы “Келечек” ААКна төлөнүп турчу. Ушул соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан алгылыктуу иштер аткарылып,биринчи,экинчи жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотторуна соттук отурумдарга катышып, Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтаруу боюнча соттук актылар кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2018-жылдын 20-февралындагы токтому менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун, 2017-жылдын 1-мартындагы чечимин жана Жалал-Абад областык сотунун 2017-жылдын 15-июнундагы токтомун күчүндө калтырып биздин пайдага чечилди. Шаарыбыздагы №№15, 21,23 бала бакчалары муниципалдык менчикке кайтарылып, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан мамлекеттик акт алынды.
Мындан сырткары мурунку дене тарбия институна өтүп кеткен №18 Балдар бакчасынын имаратын кайтаруу боюнча Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан сотко доо арыз берилип,2018-жылдын 17-майында чечим кабыл алынып, бала бакчанын имаратын кайтаруу боюнча биздин пайдага чечим кабыл алынды.
Шаарыбыздын Р.Азимов көчөсүндө жайгашкан ЖАМУга берилген 6 га жер аянтын муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча доо арыз менен Кыргыз Республикасынын жогорку соттунда каралып 1-2- инстанцияларынын аныктамалары жокко чыгарылып иш кайра Жалал-Абад областынын райондор аралык соттуна жөнөтүлгөн. Жалал-Абад областынын райондор аралык соттунун аныктамасы менен биздин доо арызыбыздын өтүп кеткен процессуалдын мөөнөтү калыбына келтирилген.Ушул иштин маңыз мазмуну боюнча 2019-жылдын 17-январына дайындалды. Аталган жер соттун чечими менен шаардык мэрияга кайтарылса, көп кабаттуу турак - жай курууга мүмкүнчүлүк болмок.
Ошондой эле “Арстанбап” ЖЧКсынын экопарктагы 4 га жер аянты боюнча соттук процесстер жүрүп, Жалал-Абад областтык соттунун аныктамасы менен Жалал-Абад областтынын райондор аралык соттунун 22-февраль 2017-жылдагы чечими толугу менен жокко чыгарылып, иш кайра Жалал-Абад областынын райондор аралык соттуна жөнөтүлгөн.
Ал эми “Шор-Булак” боюнча соттук процесстер жүрүп Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан 1-2 инстанцияларынын соттук актылары жокко чыгарылып, иш кайра Жалал-Абад областынын райондор аралык соттуна жөнөтүлдү.
Жалал-Абад шаарынын Ленин менен Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан (мурунку Бишкек унаа токтоочу жай) жалпы аянты 1330 м2 жер тилкеси 29-август 2012-жылы Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун чечими менен “Кыргызхлопок” ЖАКнун жеке менчиги деп табылып, жеке адамдарга сатылып кеткен. Бул соттук чечимдер менен макул болбостон, Жалал-Абад шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көзөмөл иретинде арыз менен кайрылган. Жогорку Сотто каралып, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттук актылар жокко чыгарылып, тактап айтканда Жалал-Абад шаардык мэриясынын пайдасына чечилген. Ал эми сатылып кеткен жер тилкесинин сатуу жана сатып алуу келишими Ош областынын райондор аралык сотунун чечими менен Жалал-Абад шаардык мэриясынын пайдасына чыккан. Бул чечим менен макул болбостон сатып алган жеке адамдар бүгүнкү күндө Ош областтык райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, сотук териштирүү каралууда.
Н.Айтматова көчөсүндөгү “Бакыт” тейлөө борборуна 2000-жылы Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрация тарабынан көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга берилген тратуарды кайтаруу боюнча биз тарабынан доо арыз даярдалып, сотко тапшырылып Жалал-Абад областык райондор аралык сотунда каралып биздин пайдага чечим кабыл алынды.
Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдын 29-декабрындагы №969-р сандуу буйругунун негизинде “Келечек” ААКна Жалал-Абад шаарынын №40 кварталынын Токтогул көчөсүндө акы төлөнүүчү авто унаа токтоочу жай уюштуруга жалпы аянтты 1104 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилген жер аянты боюнча Жалал-Абад областык райондор аралык сотунда каралып биздин пайдага чечим кабыл алынып, муниципалдык менчикке кайтарылып, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан мамлекеттик акт алынды.
Жалал-Абад шаарынын жааматтык гараждарды ижара шартына отургузуу максатында, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Жалал-Абад областык райондор аралык сотуна жааматтык унаа гараждарды иштетип жаткан Жалал-Абад шаарынын Тоголок-Молдо көчөсүндөгү “Луч” кооперативи жана Р.Азимов көчөсүндөгү жааматтык унаа гараждарын иштетип жаткан “Шинник-Дова” кооперативдери сотко берилип,соттук териштирүү каралууда.
Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 12,80 чарчы метр жер тилкеси менен аялдаманы ээлеп турган Мырзашева Динара Чырмашеваны чыгарууну милдеттендирүүнү суранып Жалал-Абад шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып соттук териштирүү жүргүзүүлүп, Жалал-Абад шаардык сотту биздин пайдабызга чечилип, аялдама конкурстун жеңүүчүсү Н.Матраимовго келишим менен өткөрүлүп берилди.
Салыктар
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 2018-жылдын январь-декабрь айларында салык жана салык эмес төлөмдөр боюнча жеткирилген план-тапшырма - 744099,6 миң сом болсо, аткарылышы - 749902,2 миң сом. Жеткирилген план-тапшырмадан - 5802,9 миң сомго ашыкча салык жыйналып 100,6 %ды түздү. Бул көрсөткүч 2017-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу -83554,1 миң сомго ашыкча салык жыйналып, өсүү ыргагы - 112,5%ды түздү.
2018 жылдын январь-декабрь айлар ичинде жергиликтүү бюджетке жеткирилген план тапшырма -332210,1 миң сом болсо, аткарылышы -346346,0 миң сомду түздү, жеткирилген план тапшырмадан - 14135,9 миң сомго ашыкча салык жыйналып, же болбосо -104,0% болду. 2017-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу -28964,5 миң сомго ашыкча салык жыйналып, өсүү ыргагы -109,1% ды түздү.
Республикалык бюджетке жеткирилген план-тапшырма - 411889,2 миң сом болсо, аткарылышы – 403556,2 миң сом болду. Жеткирилген план тапшырмадан - 8333,0 миң сомго аз салык жыйналып , же болбосо - 97,9 %ды түздү. 2017-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу -54589,6 миң сомго ашыкча салык жыйналып, өсүү ыргагы -115,6% ды түздү.
2018 жылдын январь-декабрь айларына жалпы мамлекеттик жеткирилген пландын аткарылган менен кээ бир салыктын түрлөрү боюнча, ашыкча план жеткирилгендин эсебинен аткарылбай калган булар: Пайда салыгы - 91,9 %, айыл чарба эмес жер салыгы - 91,8%, КНС - 91,8% жана роялти - 84,7%. Бул салыктын аткарылбай калышынын негизги себеби төмөндөгүчө:
Жергиликтүү бюджеттин 2018 жылга планын шаардык Кенеш тарабынан 2018 жылга - 323890,1 миң сом план бекитилген, ал эми Каржы министирлиги тарабынан - 332910,1 миң сом планын жеткирген, айырмасы -9020,0 мин сом план ашыкча жеткирилгенин. Эгер республикалык бюджеттин 50% кошкондо (киреше салыгы, сатуудан алынган салык (50% чыгаруусу) айырма 11820,0 миң сомго план ашыкча жеткирилген. Каржы министирлиги тарабынан ашыкча план жеткирилгендиктин эсебинен республикалык бюджеттин планы аткарылбай калган.
Роялти салыгы 2018-жылдын отчеттук мезгилине жеткирилген план-тапшырма -3000,0 миң сом, аткарылганы - 2541,1 миң сом, же болбосо -84,7%ды түздү. Бул салык жер кыртышынан алынган продукция үчүн төлөнөт, Жалал-Абад шаарында негизинен сууну колдогон үчүн төлөшөт, ошондуктан башка жер продукциясы жоктугуна байланыштуу салык боюнча база жок.
Бул салык боюнча 22 мекеме салык төлөчү болуп шаарда эсептелинет (суу боюнча). Салык төлөөчүлөрдүн эсеби менен ай сайын болгону 185-210 миң сом салык эсептелинет.
Айыл-чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча отчеттук мезгилде (2018-жыл) жеткирилген план-тапшырма - 17880,0 миң сом, аткарылганы -16414,0 миң сом же болбосо - 91,8%ды түздү. Жеткирилген план тапшырмадан – 1466,0 миң сомго аз салык жыйналган. Ал эми 2017-жылдын отчеттук мезгилине салыштырганда бул салыктын түрү боюнча - 1419,9 миң сомго бюджетке ашыкча салык түшүп, өсүү ыргагы -109,5%ды түздү.
Жалал-Абад шаардык Кеңеш тарабынан 2018 - жылга айыл чарба эмес жер салыгын 15000 миң сомго план бекитилген, бирок Каржы министирлиги тарабынан 2018 - жылга - 17880,0 миң сом план жеткирген, же болбосо 2880,0 миң сом ашыкча план жеткирилген. Каржы министирлиги тарабынан шаардык Кеңеш 2018-жылга бекитилген планды эсепке албай жатат.
КНС салыгы боюнча январь-декабрь айына план-тапшырма - 128108,9 миң сом жеткирилсе аткарылганы - 117634,7 миң сом же болбосо - 91,8 %га аткарылып, айырмасы - 10474,2 миң сомду тщздщ. 2017 жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу - 7238,5 миң сомго аз жыйналып ёсүү ыргагы -94,2 %ды түздү. Жеткирилген пландын аткарылбай калышынын негизги себеби төмөндөгүчү:
2018 - жылдын январь-декабрь айларына Каржы министири тарабынан 119,6% га өсүү ыргагы менен план жеткирилген (2017 - жылдын планына салыштырмалуу).
Бул КНС салыгы боюнча ири салык төлөчүүлөрдүн 2018 жылы 2017 жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу сатуу продукциясынын көлөмү жөнүндө билдирүү:
(миң сом)
Аталышы | Сатылган продукция
| Айырма-сы | КНС төлөнгөн | Айырмасы - | ||
| 2017ж.12 ай ичинде | 2018ж.12 ай ичинде | 2017ж.12ай ичинде | 2018ж. 12 ай ичинде |
| |
«Жалалабадэлек-тро»ЖАК | 1495576,0 | 1564169,2 | 68593,2 | 75280,9 | 61362,8 | 14048,1 |
«КПК» ЖАК | 270222,6 | 763268,7 | 493046,1 | 7800,0 | 9000,0 | 1200,0 |
«Дан-Юг» ЖАК | 169495,4 | 53292,5 | -116202,9 | 0 | 0 | 0 |
«АБЗ» ЖЧК | 118193,2 | 84490,7 | -33702,5 | 791,1 | 898,8 | 139,9 |
«Нур»ЖЧК | 31564,7 | 14981,6 | -16583,1 | 0 | 0 | 0 |
«Гедик» ЖЧК | 141547,3 | 121390,8 | -20156,5 | 0 | 0 | 0 |
2018 - жылы 11 ай ичинде 24 мекеме экспортко продукция чыгаруу менен иш аракет жүргүзүшкөн жалпы суммасы - 891493,6 миң сом болгон, экспорттун негизинде КНС салыгынан - 106979,2 миң сом бюджеттик жоготуу болгон. Анын ичинен ири мекемелер «КПК» ЖАКдон 2018- жылы 11 ай ичинде - 242627,4 миң сомдук продукция экспортко сатылган (экспортко жөнөтүлгөн продукция КНСгы 0 өлчөм менен салык эсептелинет), ошонун негизинде КНСнан -29115,3 миң сомдук бюджетик жоготуу болгон. «ЖНПЗ» ЖЧК – 125834,5 миң сом, «Гедик» ЖЧК - 121390,9 миң сом, «Вега-Плюс» ЖЧК - 16238,9 миң сомдук товарлар экспортко жөнөтүлгөн. ж.б.у.с.
«Жалалабадэлектро»ЖАК 12 ай ичинде 2017 - жылдын жалпы КНС суммасы -75280,9 миң сом болгон, ноябрь ай ичинде КНС салыгын бюджетке документалдык текшерүүнүн эсебинен -12077,8 миң сом чегерген, ал эми 2018 жылдын 12 ай ичинде болгону КНСгы -61362,8 миң сом чегерген, былтыркы жылга салыштырмалуу -14048,1 миң сомго азайган.
Киреше бөлүгү
Жалал-Абад шаарынын 2018-жылынын 12 айынын бюджетинин киреше бөлүгү жалпы такталган планы (КР Каржы Министрлиги тарабынан жеткизилген) 412 147,8 миң сом, аткарылганы 423 829,3 миң сом болуп, 102,8 % аткарылып, 11 681,5 миң сомго көп түштү. Бунун ичинен жалпы салык жана салык эмес кирешелердин такталган планы 333 328,1 миң сом болуп, 346 461,5 миң сом түшүп 103,9 % аткарылды, же болбосо 13133,4 миң сомго көп түштү. Атайын төлөм каражаттары боюнча такталган план 73811,8 миң сом, аткарылганы 73558,7 миң сомду түзүп 98,3 % га аткарылды. 2018- жылга республикалык бюджеттен 4809,2 миӊ сом каражат түшкөн.
Чыгаша бөлүгү
Шаардык бюджеттин чыгашалар бөлүгү такталган планга салыштырганда 87,0 % га аткарылган, бюджеттик каражаттар бюнча такталган план 420 432,3 миң сомду түзүп 365 968,8 миң сомго аткарылды.
Бөлүмдөр боюнча төмөндөгүдөй:
№ | Бөлүмдөрдүн аталышы | Январь – декабрь айыларына | Айырма | Аткарылышы % | |
Такталган план | Кассалык чыгым | ||||
| Жалпысы | 420432,3 | 365968,8 | -54463,5 | 87,0 |
| Мамлекеттик башкаруу орг-на | 31713,2 | 29333,5 | -2379,7 | 92,5 |
| Коргонууга | 3030,0 | 2550,6 | -479,4 | 84,2 |
| Коомдук тартип | 0,0 | 0,0 | 0,0 | #ДЕЛ/0! |
| Эконом-к суроолор | 189981,1 | 152671,6 | -37309,5 | 80,4 |
| Турак жай чарба бөлүмү | 92389,8 | 87911,3 | -4478,5 | 95,2 |
| Маданият болуму | 18637,0 | 17938,1 | -698,9 | 96,2 |
| Билим беруу | 67092,6 | 61571,7 | -5520,9 | 91,8 |
| Социалдык камсыздандыруу | 17588,6 | 13992,0 | -3596,6 | 79,6 |
2019-жылдын 1-январына карата эмгек акы, социалдык фондко, коммуналдык чыгымдарга, жеңилдиктерге мөөнөтү өткөн карыздар жок.
Курулуш тармагы
2018-жылдын январь-декабрь айларына капиталдык салымдардын шаар боюнча аткарылышынын жыйынтыгы 880 млн. 153 миң сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу – 94,9 %ды түздү. Жеке менчик эсебинен иштетилген капиталдык салымдар 644 млн. 858 миң сомду жалпы көлөмдүн 73,3%ын түздү.
Жеке курулуш мекемелердин эсебинен 2018-жыл ичинде капиталдык салымдын көлөмү 635 млн. 501 миң сом же болбосо 2017-жылга салыштырмалуу 104,6%ды түздү.
Капиталдык курулуш департаменти
Жол тыгындарын азайтуу максатында Пушкин көчөсүнүн кеңейтүү иштери бүткөрүлүп ага 19600,3 миң сом, Чехов көчөсүн Ленин көчөсүнөн Т.Байзаков көчөсүнө чейин кеңейтүүгө 1 этабына 5154,1 миң сом, 2-этабына 21244,8 миң сом жумшалды.
Европа Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган магситралдык суу түтүктөрүн шаардын көп кабаттуу үйлөрүнүн муниципалдык объектилерине туташтырууга 10658,6 миң сом акча каражаты жумшалды.
Андан сырткары Т.Тайгараев аймактык башкаруусуна караштуу Төш-Кутчу айылына 100 орундуу, Достук аймактык башкаруусунда жайгашкан №6 бала-бакчага 50 орундуу бала-бакчанын пай дубалынын курулушу бүткөрүлүп, ага 1658,2 миң сом акча каражаты жумшалды.
Н.Айтматова менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишине жер асты менен жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн курулушу бүткөрүлүп 12801,2 миң сом керектелди.
Т.Байзаков көчөсүндөгү «Курулуш маркетинин» чатырын алмаштырууга 8219,5 миң сом, Т.Байзаков көчөсүн Ю.Абдырахманов көчөсүнөн Курманбек көчөсүнө чейин реконструкциялоо, «Ден-соолукту чыңдоочу» комплексине газ, суу, саркынды суу түтүктөрүн, электр энергиясын улоого, трансформатордук дүмүрчөк орнотууга 3987,4 миң сом коротулду.
Тош –Кутчу айылындагы А. Калешов атындагы спорт залдын курулушун бүтүрүүгө 4424,0 миң сом, «Барпы» атындагы скверди реконструкциялоо иштерин аягына чыгарууга 1228,7 миң сом, мэриянын чоң жыйындар залын реконструкциялоого 823,2 миң сом керектелди.
Ал эми, №8, №9 орто мектептеринин ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүүгө 660,8 миң сом, №4, №21, №22, №19 орто мектебинин, №16 бала бакчасынын ажаатканаларын курууга 3166,5 миң сом иштетилди.
Тилек жана Бахор участкаларына шагыл төгүүгө, Загорный көчөсүнө жарыктандыруу орнотууга 2276,0 миң сом, ал эми Сузак автобазасынын жанындагы көчөгө, Низами жана Сузак көчөлөрүн, Артерилийский көчөсүн, саркынды суу түтүктөрүн курууга 1000,9 миң сом жумшалды.
Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен №12 балдар бакчасына от казан курууга №31 балдар бакчасына от казан орнотууга, №22 мектептин от казанын жаңылоого 425,3 миң сом акча каражаты сарпталды.
Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти
Коммуналдык чарба департаменти 2018-жылдын жыл ичинде шаар көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча эскирген зымдар, күйгөн автомат, лампалар алмаштырылып, жаңы светильниктер орнотулду. Ошондой эле шаардагы светофорлор оңдоп - түзөөдөн өткөрүлүп, 65 даана жол белгилерин орнотууга 6279,3 миң сом акча каражаты иштетилди.
Ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жаш балдар ойноочу аянттарды оңдоого жана курууга 1700,2 миң сом керектелди. Шаар аянттарын көрктөндүрүүгө, аллеяларга отургуч, таштанды таштоочу урналарды орнотууга, темир бетон куурларды сатып алууга, аялдамаларды оңдоп түзөөгө, курууга 3037,4 миң сом, машыктыруучу шаймандарды сатып алууга 430,4 миң акча каражаты жумшалды.
Андан сырткары шаардагы жол сызыктары 1352 чарчы метрге сызылып 1473,0 миң сом коротулду.
Шаардагы эки жерге светофор курууга (Жамашев-Молодежный, Балтагулов-Шерматов) 762,8 миң сом жумшалса, жумушчулардын ишин жеңилдетүүгө мекемеге экскаватор –погрузчик 2648,0 миң сомго сатып алынды.
Жазгы сел суу ташкындарынын алдын алуу максатында Хан-Арык - 400 метр, Чоко-Арык - 450 метр, Сел-Арык 900 метр жер тазаланып, 651,1 миң сом коротулду.
Жаңы-жылдык балатыны орнотуу, жасалгалоого 1371,1 миң сом, көчөлөрдү аянттарды жасалгалоого 785,4 миң сом акча каражаты жумшалды.
Жол башкармалыгы
2018-жыл ичинде 7822 м2 жамап-жасоо иштери жүргүзүлүп, 4026,8 миң сом коротулду. Андан сырткары, шаардын 27 көчөсүнө шагыл, 3 көчөсүнө щебень төгүлүп 5725,6миң сом акча каражаты жумшалды.
Ал эми билим берүү бөлүмүнө, кайрымдуулук мекемесине, Ариет балдар-чыгармачылык борборуна Шопоков 40 дарегине (жатакана), Канааттуулар фабрикасындагы Долбоорлоо, Н.Айтматова, Железнодорожный, Б.Осмонов (Жеңи-Жок көчөсүнөн Жеңиш көчөсүнө чейин), Ботокараев көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп, 8152,1 миң сом акча каражаты жумшалыпда. Жалпы бул иштерди 11677,2 чарчы метрди түздү.
Андан сырткары, Фурманова көчөсүнө - 359 метр, Т.Байзаков көчөсүнө - 271 метр, Фабричный көчөсүнө- 259, Токтогул көчөсүнө – 250 метр жөө адамдар өтүүчү тротуар куруу иштери бүткөрүлүп, 2803,7 миң сом акча каражаты жумшалды.
Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы.
Мекеме тарабынан шаардын көчөлөрүнө 300 түп можжевельник, 300 даана крым сосна, 100 даана катальпа, 100 даана сакура, 100 даана липа дарактары, 7333 даана роза гүл көчөттөр отургузулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен 2800 түп бадам, каштан, терек, алма көчөттөрү алынып мектеп, бала-бакчаларга, эс алуу жайларына эгилди. Ленин көчөсүнө 58 даана гүл өстүрүү үчүн клумбалар, 6 даана ар түрдүү жаныбарлардын эко-инстолциясы жасалып орнотулду. Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине 727,8 миң сом акча каражаты жумшалды. Шаардын көчөлөрүн жууп-тазалоого Камаз-КО-829 үлгүсүндөгү 1990,0 миң сомдук автоунаа сатып алынды.
Жалал-Абадсууканал башкармалыгы
2018-жылы шаарда Жалал-Абад сууканал башкармалыгынын абоненттердин саны 21669 түздү. Жыл ичинде борбордук суу түтүк тармактарында 610 авария, ал эми саркынды суу түтүктөр тармагында 580 авария катталып, баары калыбына келтирилип, 782 метр суу түтүктөрү жаңыланды. Спутник кичи шаарчасында жайгашкан 35000,0 м3 тазалоочу курулма тундургуч ички инвестициянын эсебинен көлмөдөгү тазалоочу шаймандар алмаштырылып, чалчыктарды топтоочу жасалма көлмөлөр жасалып ишке берилди. 2018-жылдын жыл ичинде 59953,13 миң сом акча каражатын жыйнап былтыркы жылга салыштырмалуу 6213,2 миң сомго көп жыйнады.
2018-жылдын 1-январына дебитордук карыз 7 млн. 658 миң сомду, анын ичинен калк 4млн. 910 миң сом, бюджеттик мекемелердики 2748 миң сомду түздү. Ал эми 2017-жылдын 1-январына 8 млн. 11 миң сом, анын ичинен калк 5340,0 миң сом, бюджеттик мекемелердики 2671,0 миң сомду түзүп 2017-жылга салыштырмалуу дебитордук карыз 353,0 миң сомго кыскарган.
Тазалык муниципалдык ишканасы
Мекеменин балансында турган 20 техника атайын автоунаалар элге кызмат көрсөтөт жана шаар тургундарынан келип түшкөн билдирмелер аркылуу таштандыларын алуу менен иш жүргүзөт. «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемеси 2017-жыл жыл ичинде 24 млн. 41 миң сом акча каражатын жыйнаган болсо, 2018-жыл жыл ичинде 29 млн. 790 миң сом акча каражатын жыйнаган, башкача айтканда 5748,0 миң сомго көп жыйнаган. 2017-жылы 51564 абонент болсо, 2018-жылы 57579 түздү. Жыл ичинде 21019 рейс турмуш-тиричилик калдыктары 168152 м3 таштанды полигонуна ташылды.
Мекеменин дебитордук карызы 2900,0 мин сом түздү.
Жалал-Абад райондук электр тармактар ишканасы
2018-жылдын жыл ичинде Кыргыз Республикасынын №215 токтому менен бекитилген лимит 306 млн. 306 миң кВтсаат, факт боюнча иштетилгени 316 млн. 420 миң иштетилди. Капиталдык жана утурумдук ремонт ТП жана КТП план боюнча 202 даана болсо аткарылганы 225 даананы түзүп 111,4%ды көрсөттү, ал эми 6-10 кВ аба чубалгыларын оңдоо план боюнча 54,64 км. болсо аткарылганы 59,6 км түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 109%ды түздү, ошондой эле 0,4 Кв аба чубалгыларын оңдоо планы 55,9 км. болсо аткарылганы 68,35 км. түзүп 122,3%ды көрсөттү.
Акчалай түрдө капиталдык жана утурумдук ремонт 10425,5 миң сом болсо аткарылганы 11132,6 миң сомду түздү. Жыл ичинде 3,2 км. узундукта ВЛ-6/10 кВ, 2,6 км. узундукта ВЛ-0,4Кв электр линиясы курулуп, 5,0 км. узундукта ВЛ-10 кВ, 4,0 км. узундукта ВЛ-0,4 кВ электр линиялары реконструкциядан өткөрүлүп, 6 даана кошумча трансформатордук дүмүрчөк, 6 даана трансформатордук дүмүрчөк орнотулуп 5117,6 миң сом акча каражаты жумшалды.
Электр энергиясын сатуу мекемеси.
Электр энергиясын сатуу мекемеси боюнча 2018-жыл ичинде келип түшкөн электр энергия 316 млн. 365 миң кВсаатты түзүп, техникалык жоготуу 12,1%ды көрсөттү. План боюнча 272 млн. 962 миң кВсаат сатылып, акчалай алганда 384 млн. 566 миң сомду түздү.
Дебитордук карыз 2018-жылдын 1-январына 11 млн. 210 миң сом, жеке сектор 5 млн. 511 миң сом, калк 5 млн. 698 миң сомду түздү. Ал эми 2017-жыл жыл ичинде ГЭСттен бөлүнгөн электр энергия 303 млн. 522 мин кВт саатты түзүп, техникалык жоготуу 12,6%ды көрсөткөн, план боюнча реализация болгон электр энергия 256 млн. 395 миң кВт саатты, акчалай алганда 361 млн. 213 миң сомду түзгөн. Башкача айтканда былтыркы жылга салыштырмалуу акча каражатын жыйноо 18%га көбөйтүлүп, ал эми дебитордук карыз 5,8%га кыскартылган.
Жалал-Абадгаз чарба башкармалыгы.
Жалал-Абад газчарба башкармалыгы элге, экономика тармактарына үзгүлтүксүз газ жеткирип берүүдө, квартал ичинде 4576,0 миң м3 көгүлтүр оту келип түшүп, 146 абонент кошулду. Башкармалыктын 2019-жылдын 1-январына дебитордук карыздары 4 млн. 557 миң сом, анын ичинен калк 4 млн. 557 миң сомду түзгөн. 2017-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу дебитордук карыз 1700,6 миң сомго башкача айтканда 37,3%га көбөйгөн.
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүшттүк бирикмесинин филиалы
2018-жылдын 11-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы “Кыргыз Республикасынын эканомикасынын тармактарын жана калкын 2018-2019 жылдын күз-кыш мезгилинде даярдоо жөнүндөгү” №100-токтомун турмушка ашыруу, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдө, көп убакыттан бери жылуулук түйүндөрү токтоп тургандыктан, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөлөрү жана борбордук жылытуу түйүндөрүнүн бардыгын капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
2018-2019-жж. күз-кыш мезгилине даярдоонун негизинде №1,10,12,14,16 отканаларында ремонттоо иштери аяктап, калган отканаларда ремонттоо иштери бүткөрүлүп, 10 көп кабаттуу үйлөрү борборлоштурулган жылытуу системасына кошуу менен жаны 400 абонент кошулду.
2018-жылдын 1-январына жылуулук мекемесинин дебитордук карызы 2241,9 миң сомду, 2017-жылы дебитордук карыз 3261,8 мин сомду түзгөн башкача айтканда былтыркы жылга салыштырмалуу карыз 31%га кыскартылган.
Жүргүнчүлүк транспортторунун агенттиги
Агенттиктин транспорт ишканалары 2018-жылдын жыл ичинде 15695,3 мин жүргүнчүлөрдү ташышып, 2017-жылга салыштырмалуу өсүш 103,1% ды түздү. Шаардын 13 багыттагы транспорттук каттамы 8 транспорт ишканаларына бекитилип, 280ден ашык айдоочулар жана 40ка жакын техникалык уюштуруу кызматкерлери туруктуу жумуш менен камсыз болуп, №105А, 109А, 110А, 110К жаңы каттамдары ачылып транспортко болгон муктаждык чечилди.
Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобаза
Муниципалдык автобазанын балансында 15 даана «ЯСИН» үлгүсүндөгү чоң сыйымдуулуктагы автобустар турат. 2018-жылы тейлөөгө жыл ичинде айдоочулардан түшкөн каражат 2595,2 миң сомду, бардык кирешелер 8166,7 миң сомду, чыгымдар 10745,3 миң сомду түздү. Муниципалдык автобазанын 2018-жылдын 1-январына кредитордук карызы жок чыкты.
Регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы
Регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы жыл ичинде 5123,8 миң сомдук жумуш аткарып план 102%ды түздү. Башкармалыкка 2016 арыз каты түшүп, 12 жолу шаар куруу кеңешмеси өткөрүлүп, 168 АПШ, 168 ИТШ, 62 долбоор жана 134 корутунду даярдалып, 124 курулушка уруксат берилди.
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы
Шаар боюнча 28346 даана кыймылсыз мүлк бирдиги бар, анын ичинен 11594 жеке турак үйлөр, 9133 батирлер, 4054 жер участоктору, 126 өндүрүшттүк максаттагы кыймылсыз мүлк бирдиги, коммерциялык максатта 474 объект, 865 жер участогу жана башка социалдык, маданий, административдик 335 кыймылсыз мүлк бирдиги бар. Башкармалык боюнча 2018-жылга 9400,0 миң сом план коюлган болсо, жыл ичинде 10346,4 миң сомдук жумуш аткарылып, бекитилген план 110%га аткарылды. Ал эми 2718 кызмат көрсөтүү үчүн арыз түшүп кардарлардын суроо талаптары канааттандырылды. 28518 кыймылсыз мүлк бирдигинен 27636 кыймылсыз мүлк бирдиги каттоодон өткөрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү.
Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жергиликтүү бийлик органдарына өрт коопсуздугу жаатындагы маселелерди камтыган 65 жолу маалыматтар берилип, 5 чечим кабыл алынган. Чарбалык обьектилерде, турак жайларда өрт кырсыктарын алдын алуу багытында чарбалык обьектилердин кызматкерлери менен 35210 атуулдун катышуусунда 48 лекция жана 3830 атуулдун катышуусунда 189 өрттүн алдын алуу боюнча инструктаждар өткөрүлгөн. Шаарыбыздын калкынын арасында өрткө каршы үгүт-насаат иштери жергиликтүү басма сөз, телекөрсөтүү, радио уктуруу түйүндөрү аркылуу жүргүзүлүп, жыл ичинде шаар тургундарына өрт кырсыктарына байланышкан жана алдын алууга багытталган маалыматтарды кеңири жайылтуу максатында басылмалардан 35 макала жарык көрүп, 69 телекөрсөтүү, 90 радиоуктуруу уюштурулган. Аткарылган өрткө каршы иш-чараларга карабастан жыл ичинде шаар аймагында 104 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 17 млн. 467 миң 595 сомду түздү. Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам 35 млн. сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган.
Социалдык тармак
“2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылынын” башынан Жалал-Абад шаарынын социалдык тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар пландары түзүлүп, бир топ жумуштар аткарылды.
2018-жыл ичинде шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан шаар боюнча 921 үй-бүлөдөн 2752 балага мамлекеттик жөлөк пул дайындалып, жалпы алуучулар 6,7% түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 543 балага өскөн. Себеби: 2018-жылдын 29-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №307 сандуу токтомунун негизинде, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн ата –энесинин пенсиялары киреше катары эсептелинбейт деп белгиленген.
Балага бир жолу берилүчү сүйүнчү акча каражатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы №847 токтомунун негизинде 2018-жылдын 1-январынан баштап ушул күнгө чейин 1586 балага 6 331,2 миң сом чегерилген.
Социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 1530 жаран болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу, 8 кишиге көбөйгөн. Көбөйүү себеби: жогоруда аталган токтомдун негизинде бала чагынан ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген I, II жана III топтогу адамдарга жана 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилүүчү социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 33% жогорулап, кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп, 45 094,1 миң сом өз убагында төлөнүп берилген.
Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун ардагерлерине, согушта курман болгондордун жесирлерине, Чернобыль апаатынын катышуучуларына, 2010-жыл июнь окуясында жабыр тарткандардын, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар болуп жалпы 643 адамга республикалык бюджеттен бөлүнгөн 79 510,6 миң сомдук акчалай компенсация өз убагында төлөнүп берилди.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча 494 аялга жөлөк пул 2 893,6 миң сом төлөнүп, өткөн жылга салыштырмалуу кош бойлук жана төрөттүн саны ушундай болуп, суммасы 195,6 миң сомго көбөйгөн.
Сөөк коюу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен 36 жаранга 76,9 миң сом төлөнүп берилип. Анын ичинен мүмкүнчүлүгү чектелген 16 жаранга 48,0 миң сом, эч жерде иштебеген 20 жаранга 28,9 миң сом төлөнүп берилген.
Көрүү жана уугу сезиминен майыптыгы бар 98 жаранга телефон абоненттик акы төлөмү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 45,3 миң сом төлөмү берилген.
2018-жыл ичинде 15 социалдык кызматкер тарабынан 169 жалгыз бой карылар камкордукка алынып, аларга 24263 каттоо жасалып, 26815 жолу ар түрдүү кызматтар көрсөтүлдү. 2017-жылга салыштырмалуу социалдык жардамга муктаж болгондор 8 жаранга көбөйгөн.
Шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 6 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамга коляска берилди жана жалпы оору боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 45 адамга курортто эс алуу үчүн 564,2 миң сомдук жолдомо берилди.
Жумушка орноштуруу
Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнө 2018-жыл ичинде 3598 атуул кайрылган. Алардын ичинен:
1293 атуул иш издеп катталган (2017-жылы 1200) көрсөткүч 100,7%;
2305 атуулга суроо талаптар боюнча мыйзам чегинде кеп-кеңештер берилди (2017-жылы 7724) көрсөткүч 29,8%;
158 атуул кесиптик даярдоого кайра даярдоого жөнөтүлгөн (2017-жылы 165)көрсөткүч 95,8%;
236 атуулга коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга жөнөтүлгөн (2017-жылы 236 ) 100% түздү.
2019-жылдын 1-январь айына карата Жалал-Абад шаарында расмий жумушсуздуктун саны өткөн жылга салыштырмалуу 45 адамга азайган жана 1205 адамды түзгөн. Аялдардын үлүшү 64,1% же 773аттуулду түзөт. Жаштардын үлүшү 25,4% 306 атуулду түзөт.
2018-жылдын 12 айында шаардын аймагында 4094 жумушчу орундары түзүлгөн жана кайра калыбына келтирилген (формалдуу эмес сектор). Жумушчу орундун көпчүлүк бөлүгү иштетүү өнөр жайы, жеке соода түйүндөрү, автомобилдик татаал-тиричилик техникасын оңдоо, мейманканалар жана ресторандар болуп саналат.
иштетүү өнөр жайлар – 170;
курулуш тармагы – 252;
дүң, жеке соода, автомобиль жана мотоциклдерди оңдоо – 2085;
мейманканалар жана ресторандар – 506;
маалымат жана байланыш – 53;
финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу – 17;
кыймылсыз мүлк менен операциялар – 6;
билим берүү – 11;
саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө – 5;
экономикалык ишмердиктин башка түрлөрү – 236;
башка тейлөө ишмердиги – 735.
Жакырчылыктын деңгээли
2018-жыл ичинде шаар аймагындагы 24 984 үй-бүлөнүн ичинен 3148 (2017-жыл 3180 үй-бүлө 13,0%) үй-бүлөгө социалдык паспорт түзүлүп 12,6%ды түзгөн. Анын ичине:
өтө жакыр 1022 үй-бүлө 4, 1%(2017-жыл 980 үй-бүлө 4,0%);
орто жакыр 952 үй-бүлө 3,8% (2017-жыл 966 4,1%);
жакыр катары 1174 үй-бүлө 4,7% (2017-жыл 1204 4,9).
2018-жылга жакырчылыктын 32 үй-бүлө чыгарылып, жакырчылыктын деңгээли 0,04% азайган.
Балдарды коргоо жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулук
2018-жылдын жыйынтыгы менен шаардын аймагында 43 жашы жете элек өспүрүм 52 кылмыш ишин (уурдоо-32, наркотика -1, хулиганчылык -12, алдамчылык -2, киши өлтүрүү-2, тоноо-2,угон 1) жасаган. Алардан ичинен 1 кылмыш иши 2015-жылдан, 6 кылмыш иши 2017-жылдан өткөн. Жалал-Абад шаары областтын борбору болгондуктан өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү башка район-шаарлардан келип кылмыш жасагандыгы аныкталган. Тагыраак айтканда 25 өспүрүм 37 кылмыш ишин жасаган. Алар Сузак районунан келген 19 өспүрүм 28 (уурулук -18, хулиганчылык -5, наркотика 1, алдамчылык -2, тоноо-1,киши өлтүрүү 1) кылмыш, Аксы районунан келген 1 өспүрүм 1 (хулиганчылык) кылмыш, Базар-Коргон районунан келген 1 өспүрүм 2 (уурулук) кылмыш, Ноокен районунан келген 1 өспүрүм 1 (уурулук) кылмыш, Өзгөн районунан келген 1 өспүрүм 1 (уурулук) кылмыш, Таш-Көмүр шаарынан келген 1 өспүрүм 3 (уурулук) кылмыш, Кара-Суу районунан келген 1өспүрүм (автоунаа укукка жат түрдө ээлеп алуу) кылмыш, ал эми, Жалал-Абад шаарынан 18 өспүрүм 15 (уурулук-7, хулиганчылык-6, киши өлтүрүү -1, тоноо 1 ) кылмыш ишин жасагандыгы аныкталган. Алардын ичинен 4 (өткөн жылы 6) мектеп окуучулары.
2018-жыл ичинде шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан мыйзам менен чатагы бар 26 бала катталып, анын ичинен 13 өспүрүмдүн иши тергөө амалдарынан кыскартылып, 5 баланын иши тергөөдө. Ал эми 4 жашы жете элек өспүрүмдүн иши соттук отурумда каралып жатат. 1 өспүрүмдүн иши соттук отурумда каралып, 8 жылга эркинен ажыраган. 1 өспүрүм КР Кылмыш Жаза кодексинин 163 ст. негизинде сыноо мөөнөтү берилген.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын 19 отурум өткөрүлүп, 31 маселе каралган. Анда шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан турмуштук оор кырдаалга кабылган 11 “үй-бүлөнү жана 30 “баланы коргоо боюнча жекече иштөө пландары түзүлгөн. Андан сырткары убактылуу балдар үйлөрүнө жана жатак мектептерине жайгаштыруу, мектепке тартуу, үй-бүлөгө кайтаруу, көмөк көрсөтүү, түнкү убакта ата-энесинин же аларды алмаштыруучуларынын коштоосу жок көчөдө жүргөн балдардын маселесин кароо жана балдарынын тартибине маани бербей алардын тартип бузуусуна жол бергендиги үчүн ата-энелерине Кыргыз Республикасынын Адимнистративтик Кодексинин 65 беренесинин негизинде айып пул салуу боюнча маселелер каралып, комиссиянын чечиминин негизинде токтомдор кабыл алынып, аткарылышы көзөмөлгө алынган.
Андан сырткары асырап алууга 16, камкорлукка жана көзөмөлдүккө алууга 5, энелик укугун калыбына келтирүү 1, ата-энелик укуктан ажыратуу 2 жашы жете элек өспүрүмдүн маселеси соттук отурумдарда каралып, социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан балдардын укугу корголду.
2018-жылдын 19-декабрында шаардык мэрия тарабынан жаштар жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун себептери жана анын алдын алуу жолдорун аныктоо максатында иш-чаралар планы түзүлүп, шаардык ички иштер, билим берүү, спорт бөлүмдөрүнүн, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жаштар комитетинин жана аймактык башкаруу мекемелеринин тийешелүү кызматкерлери менен биргеликте кылмыш кылган 17 шаар тургундарынын үйүнө барып, өспүрүмдөргө жана ата-энелери менен жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, турмуш шарты менен таанышты.
Андан тышкары өспүрүмдөрдү Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелеринде тарбияланып жаткан балдар менен жолугушу уюштурулуп, андан соң шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын тарабынан ата-энени сыйлоо жөнүндөгү атайын видео-ролик көрсөтүлүп, “Жеңиш” эс алуу багындагы “3722” кофесинде шаардын имамы менен жолугушуп, акыл-насааттар, кеп-кеңештер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте иш-мерчемдер түзүлүп, билим берүү мекемелеринде түрдүү кароо-сынактар, жолугушуулар, спорттук мелдештер жана тарбиялык сааттар өткөрүлгөн.
Шаардык ички иштер, билим берүү бөлүмдөрүнүн, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жаштар комитетинин кызматкерлери менен биргеликте мезгил-мезгили менен “Кышкы каникул”, “Түнкү өспүрүм”, “Мектеп күзөтү”, “Селсаяк”, “Лөлү”, “Подросток труд”, “Лидер” , “Жайкы каникул” "Сууга чөгүүнүн алдын алуу", "Эмгек", "Акыркы Коңгуроо", “Салам мектеп” аталышындагы рейддер 28 жолу уюштурулган.
Жалал-Абад шаарында жашы жете элек өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук, өз өмүрүн кыюу, никеге туруу максатында кыз ала качуу боюнча фактылар катталган эмес.
Шаардык Кайрымдуулук борбору тарабынан калктын социалдык аярлуу катмарына көмөк көрсөтүү үчүн иш аракеттер жүргүзүлүп келет. 2018-жылга карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттар:
№ | Көрсөтүлгөн жардамдар | Бөлүнгөн акча каражаты (миң сом) | Сарпталган акча каражаты (миң сом) |
1 | Ар күнү 60 аз камсыз болгон калктын социалдык аярлуу катмарындагы шаар тургундары түшкү ысык тамак | 1108,8 | 981,0 |
2 | Көзү азиздер үчүн жол каражатына | 79,2 | 74,7 |
3 | ВИЧ оорусунан жабыркаган энелер төрөгөн наристелерге азык үчүн | 250,0 | 191,8 |
4 | Кургак учук менен ооруган жарандарды Ысык-Көлдөгү рабилитациялык борборуна дарыланып келүү үчүн транспотдук жол чыгымдарына | 30,4 | 2,1 |
5 | Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагерлерине 500-100 сомдон | 396,0 | 337,0 |
6 | ЧАЭС кырсыгын эскерүү күнү | 31,5 | 22,8 |
7 | Советтик армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгын | 96,5 | 83,6 |
8 | Баткен согушунун аяктагандыгына 18 жыл толгондугун белгилөө | 84,8 | 84,8 |
9 | «Жеңиш күнүн» майрамдоо | 343,6 | 280,0 |
10 | 2010-жылдагы июнь окуясын белгилөө | 32,0 | 32,0 |
11 | 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөө | 258,0 | 281,5 |
12 | 7-ноябрь 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук которулушун жана ХХ-кылымдын 30 жылдарындагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата | 3,0 | 3,0 |
13 | Улгайган адамдардын Эл аралык күнүн белгилөөдө | 100,0 | 100,0 |
14 | 3-декабрь Майыптар күнүн уюшкандыкта өткөрүү | 357,0 | 342,0 |
15 | Белгилүү бир жашаган жери жок жашаган адамдар үчүн тамак-аш, алар үчүн керектелүүчү буюмдар жана коммуналдык чыгымдарга | 112,5 | 51,2 |
16 | 108аз камсыз болгон шаар тургундарына материалдык жардам | 250,0 | 250,0 |
17 | Материалдык жардам (Деп. наказ) | 1650,0 | 1650,0 |
18 | 70 жаранга көмүр сатып алуу үчүн | 175,0 | 175,0 |
Жалпы: | 5358,3 | 4942,5 | |
Социалдык Фонддун шаардык башкармалыгы
2018-жылдын жыйынтыгы менен КРнын Социалдык фондунун Жалал-Абад шаардык башкармалыгында 8104 пенсионер каттоодо турат. Аларга пенсияларды төлөө үчүн518,6 млн. сом керектелсе, каржыланганы 518,6 млн. сом болуп, керектөөнүн 100%га камсыз болду.
478 пенсионерге жаңыдан пенсия чектелип, 1086 пенсионерге топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнө кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп берилди.
Аталган башкармалыкка жыл ичинде социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн өндүрүүүчүн 785,3 млн.сом план бекитилген болсо, 790,4 млн.сом өндүрүлүп, план 100,6%га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 72,3 млн. сом көп өндүрүлүп, 10,1%га жогорулаган.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бардык карызы 2018-жылдын 1-январына карата 29,3 млн.сом болсо, 2019-жылдын 1-январына карата 23,7 млн.сомду түзүп, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карызы 6,2 млн. сомго азайган.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнөн болгон карыздарын өз убагында төлөбөй жаткан 1455 мекеме-ишкананын жетекчилерине карызын төгүү боюнча 52,0 млн.сомдук билдирүүлөр жөнөтүлүп, анын 51,9 млн.сому өндүрүлдү жана жалпы суммасы 74,3 млн. сом камсыздандыруу төгүмдөрүнөн карызы бар 555 мекеме – ишканага доо каты жөнөтүлүп, аныничинен73,0 млн. сому өндүрүлдү. Ошондой эле, 14 атуул административдик жоопкерчиликке тартылып, 19,5миң сом администрациялык айып акылар салынган жана 16,0 миң сому өндүрүлгөн.
Бир нече жолу төгүмдөрүнөн карызы бар мекемелердин жетекчилерине ооз эки жана кат түрүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын которуу боюнча кайрылууга чара көрүшпөгөндүктөрү үчүн 4 мекеме-ишкананын материалы даярдалып, жалпы суммасы 43,4 млн. сом райондор аралык экономикалык сотко берилип, 41,6 млн. сому өндүрүлгөн. Калган карыздарды сот аткаруучулар менен биргеликте өндүрүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Шаардык билим берүү тармагы
2016 – 2017-окуу жылына карата жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучуларынын областтык олимпиадаларына шаардын мектептеринин окуучулары жалпы 19 байгелүү орунду ээлешкен болсо, 2017 – 2018-окуу жылында 9 байгелүү орунга ээ болушту. Ал эми республикалык олимпиадага 2016 – 2017-окуу жылында 3 окуучу катышып, бир окуучу 3-орунду ээлеп, байгелүү орунга ээ болгон болсо, 2017 – 2018-окуу жылында 2 окуучу катышып, байгелүү орундарды алышкан жок.
Мектеп окуучуларынын билим сапаты 2016 – 2017-окуу жылынын жыйынтыгында 53,3%ды түзгөн болсо, 2017 – 2018-окуу жылынын жыйынтыгы менен 53,4%ды түздү, б. а. салыштырмалуу 0,1%га жогорулады.
Жалпы Республикалык тестирлөөдө 6 окуучу 200дөн көп балга ээ болушту. Өткөн окуу жылында 3 окуучу 200дөн көп бал топтошкон эле.
2017 – 2018-окуу жылынын аягында 32 окуучу “Алтын тамга” тестирлөө сынагына катышып, 4 окуучу билимдерин тастыкташты. Ал эми, 2016 – 2017-окуу жылынын аягында 42 окуучу катышып, 4 окуучу билимдерин тастыкташты.
2018 – 2019-жаңы окуу жылында 22501 окуучу катталып, 730 класс комплектелди. Класстардагы окуучулардын орточо толукталышы 31 окуучуну түздү.
Жаштардын кечки сырттан окуу мектебине 130 окуучу катталып, 7 класс комплектелди. Ал класстардагы окуучулардын орточо толукталышы 18 окуучуну түздү.
Жеке менчик мектептердин саны 7 болуп, окуучулардын саны 2639 түздү жана 108 класс комплектелди.
№14-инновациялык мектеп-лицейинде 2017 – 2018-окуу жылына карата химия-биология, математика-физика сабактары боюнча профилдик лицей класстары ачылып, окуучулардын келечекте тандап ала турган кесиптерине жараша тереңдетип билим алышына шарттар түзүлдү.
Бүгүнкү күндө мугалимдердин саны 1058ди түзүп, 8 мугалим башталгыч класстардын орус мектептерине жетишпей жатат. Өткөн жылдын ушул мезгилинде жетишпеген мугалимдердин саны 38 болгон.
"2018-жылдын мыкты мугалими" кароо-сынагына жергиликтүү бюджеттен быйылкы жылы да 150,0 миң сом бөлүнүп берилди. Ошондой эле, мугалимдерге коммуналдык чыгымдар үчүн ай сайын 500 сомдон, мугалимдердин майрамына карата бир жолку 2000 сомдон колдоолор көрсөтүлгөн.
2018-жылдын 1-сентябрында шаардагы №6-орто мектебинин курулуш иштери аяктап, колдонууга берилген.
Андан сырткары жалпы билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртуу жана окуучуларга толук кандуу шарттарды түзүү максатында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча кара жаты бөлүнүп, төмөндөгү иш-аракеттер толугу менен аяктаган:
№ | Орто мектептердин жан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин аталышы | Бөлүнгөн акча каражаты (миң сом) |
1 | №4 орто мектептин ажатканасын куруу | 666,4 |
2 | №22 орто мектепке ажаткана куруу | 787,0 |
3 | №12 балдар бакчасына от казан орнотуу ж/а суу түтүктөрүн туташтыруу | 338,4 |
4 | №6 балдар бакчасына 50 (элүү) орундуу имарат куруу долбоорун жана чыгымдар эсебин даярдоо, экспертизадан өткөрүү жана курулуш иштерин баштоо | 2000,0 |
5 | №21 орто мектепке 10 (он) орундуу ажаткана куруу | 950,0 |
6 | №16 балдар бакчасына 5 (беш) орундуу ажаткана куруу | 950,0 |
7 | №19 орто мектепке жаңы 10(он) орундуу ажаткана | 950,0 |
8 | №2 орто мектепти суу түтүктөрүнө туташтыруу (Деп. наказ) | 90,0 |
9 | №31 балдар бакчасына тамак даярдоо үчүн 50л, 80л казандарды жана чай кайнатуучу самоор орнотуп очок куруу (Деп. наказ) | 50,0 |
10 | №22 орто мектептин от казанын жаңылоо | 38,0 |
11 | №9 Р.Санатбаев атындагы инновациялык мектеп лицейинин окуучуларына ысык тамак уюштуруу үчүн | 500,0 |
12 | №8 орто мектебинин окуучуларына ысык тамак уюштуруу үчүн | 1 252, 0 |
13 | Жеңиш кичи шаарчасына балдар бакчасын куруу | 2 000, 0 |
14 | Төш-Кутчу айылына балдар бакчасын куруу | 2 000, 0 |
15 | №11-орто мектептин спорт залынын курулуш иштери 2018-жылдын 25-апрелинде аяктап, иштетүүгө берилген. | 4 424,0 |
Жалпы суммасы | 16.992.8 | |
Ошондой эле, үлүштүк жана жергиликтүү каржылоо аркылуу капиталдык курулуштарга
№ | Мекеменин аталышы, аткарылуучу жумуштар | республикалык | жергиликтүү | жалпы |
1 | №7 балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү | 2 707 300 | 1 160 300 | 3 867 600 |
2 | № 19 балдар бакчасынын терезелерин алмаштыруу | 328 200 | 140 600 | 468 800 |
3 | №7 орто мектептин полун алмаштыруу | 2 321 200 | 994 800 | 3 316 000 |
4 | №4 мектеп-гимназиясынын терезелерин алмаштыруу | 2 080 800 | 891 800 | 2 972 600 |
5 | № 16 орто мектептин эшик, терезелерин алмаштыруу | 917 600 | 393 300 | 1 310 900 |
Жалпы суммасы | 8 355 100 | 3 580 800 | 11 935 900 | |
Мектепке чейинки билим берүү мекемелери боюнча
Шаарда учурда 22 республикалык бюджеттен каржылануучу жана 6 жеке менчик бала бакчада бүгүнкү күндө жалпы 4500 бала тарбияланууда. Кезекте турган балдардын саны – 51.
Белгилүү болгондой 2018-жылдын 20-ноябрында№21 “Искорка” мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбияланып жаткан бир канча балага тарбиячы тарабынан ырайымсыз жана корс маамиле жасап жаткан видеосу интернет булактары аркылуукоомчулукка таркап, массалык маалымат каражаттарында жана социалдык желелерде талкуу жараткан. Иликтөө жүргүзүлгөн учурда балдарга ырайымсыз маамиле жасап жаткан жаран Ильяз кызы Ширин аталган мекеменин тарбиячысы экендиги аныкталды.
Жергиликтүү бийлик тарабынан комиссия курамы түзүлүп, шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ар тараптуу текшерүүгө алынган.
Натыйжада балдар бакчасынын директору Щербина Оксана Владимировна, ээлеген кызматынан бошотулду жана аталган балдар бакчасынын тарбиячысы - Ильяз кызы Ширин, тарбиячынын жардамчысы Дарманбекова Мубина жумуштан четтетилишти.
Ильяз кызы Ширин – билими атайын орто, квалификациясы башталгыч класстын мугалими. 2013-2016-жылдары Жалал-Абад шаарындагы “Нур” колледжин аяктаган. №21 “Искорка” балдар бакчасына 2013-жылы тарбиячынын жардамчысы болуп ишке кабыл алынган. 2016-жылдан тартып тарбиячы кызматына которулган.
2018-жылдын 21-ноябрында №21 “Искорка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорунун №11&1 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 83-беренесине ылайык, жумуштан бошотулган.
Кенже тайпанын тарбиячысынын жардамчысы - Дарбанова Мубина – 2000-жылы туулган, орто билимдүү, мурда эч жерде иштеген эмес, жумушка 2018-жылдын август айында кабыл алынган. Кызматтык этиканы бузгандыгы үчүн өз эрки менен жумуштан бошотулган.
Балдар бакчасында тарбияланып жаткан 2015-жылы туулган Мухамедова Дариха, Абылкасымова Уулкан, Калдарбеков Нуржигит аттуу балдарга карата зомбулук көрсөткөндүгү үчүн, алардын ата-энелери Джаратова Дильфуза жана Ташматова Дильфузалардын арызынын негизинде шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон.
Тергөөчүнүн берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Ильяз кызы Ширин боюнча тергөө иштери аяктап, иш шаардык сотко өткөн. 2019-жылдын 15-январында биринчи соттук отурум судья К.Уметалиевдин төрагалыгы астында өткөрүлө тургандыгын маалымдаган.
Жабыркаган балдар учурда №21 “Искорка” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тарбияланып жатышат, тарбиячысы Абдурасулова Жылдыз.
№21 “Искорка” балдар бакчасына 2018-жылдын 22-ноябрынан Азимбаева Махабат директор болуп дайындалган.
Саламаттыкты сактоо тармагы
Шаар боюнча төрөттүн саны 2017-жылдын 12айында 2242ди түзгөн болсо, 2018-жылдын 12 айында 2370тү түзүп, 128 балага көп төрөлгөн.
2018-жылдын 12 айында 29 ымыркай бала каза болуп, көрсөткүч 12,3% түздү, 2017-жылга салыштырмалуу 1 балага көп каза болгону менен көрсөткүч (премилий)0,3кө азайгандыктан, ымыркай балдардын өлүмү 2,3% азайды.
2018-жылга 2 эненин өлүмү, 2017-жылы эненин өлүмү катталган эмес.
Шаар боюнча жугуштуу ооруларга токтолсок, 2018-жылдын 12 айында дизентерия, диарея, кургак учук жана бруцеллёз оорулары азайган. Ал эми, вирустук гепатит А 4,4 %га оорусу көбөйгөн.
Кургак учук оорусу менен 2017-жылдын 12 айында 89 оорулуу катталган болсо, 2018-жылдын 12 айында 66 оорулуу катталып, 23 оорулууга азайды.
2018-жылдын 12 айында АИВ (ВИЧ) илдети боюнча 373 оорулуу каттоодо турду. Алардын 225 эркектер болсо, аялдардын саны 148 болду. 116 оорулуу жеткиликтүү болуп саналат. Учурда оорулуу энеден төрөлгөн 3 бала каттоодо турат.
Жүрөк-кан тамыр ооруларынын ичинен кан басымынын жогорулашы боюнча 2836 оорулуу каттоодо туруп, анын ичинен 1-жолу көзөмөлгө алынганы 230 болду. 2017-жылдын 12 айында 2684 каттоодо турган жана 1-жолу көзөмөлгө алынганы 185 болуп, 45 оорулуган көбөйгөн.
Жыл ичинде атайын каражаттын жана демөөрчүлөр тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараттарын оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
№2 ҮДТ имаратында жайгашкан физ. кабинетте косметикалык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп,жаңы ажааткана курулду (381 587 сом атайын каражаттын эсебинен);
№7 ҮДТнун имараты “Тайгара жаштар биримдик коому” аттуу демөөрчүлөр тарабынан 1 200 000 сомго оңдоо-түзөө иштери жасалган;
Клиника-диагностика бөлүмүнө караштуу лаборатория капиталдык ремонттон (567 437 сом атайын каражаттын эсебинен) өткөрүлүп, азыркы күндө толук кандуу иштеп жатат;
Тез жардам бөлүмүнүн жаңы имараты Араб мамлекетинин “Асанабил” кайрымдуулук уюму тарабынан курулуп, бүгүнкү күндө иштеп жатат;
Катар мамлекетинин “Асалом” кайрымдуулук уюму тарабынан 29,0 млн сомго Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүкурулуп, ишке берилген;
Германия мамлекетинин “Фрезениус Медика Кеа”(FRESENIUS MEDICAL CARE) Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жеке менчик жана мамлекттик эки гемодиализ бөлүмү курулуп, ишке берилди
Жалал-Абад шаардык санитардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
2018-жылдын 12 айында санэпидкөзөмөлдөө борборунда 884 объект көзөмөлдө турду: коммуналдык гигиена боюнча 198 объект, балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы боюнча 59 объект, тамак-аш гигиенасы боюнча 579 объект, эмгек гигиенасы боюнча 48 объект. Жалпы 884 объекттин 111и мамлекеттик, ал эми 773ү жеке менчик объекттер. Бул объекттер 2018-жылдын 12 айында санитардык бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 307 жолу текшерилди. Санитардык талаптарды аткарбаганы үчүн 25жооптуу кызматкерге административдик укук бузуу протоколдору толтурулуп, 41 500 сомдук айып пул салынды, 18 объект оңдоп-түзөө үчүн убактылуу жабылып, кемчилдиктерди жойгондон кийин иштөөгө берилди.
2018-жыл боюнча алдын ала эмдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй:
кургак учукка каршы жаңы төрөлгөн балдарды эмдөө – 97,7% (2017-жыл 98,1)%;
кара сарыкка каршы 95,5% (2017-жыл 95,1%);
шал оорусуна каршы эмдөө – 94,1% (2017-жыл 95,4%);
кептөөр, көк жөтөл, селейме жана гемофилдик инфекцияларга каршы оорусуна каршы – 95,5% (2017-жыл 95,1%);
кызылча-кызамык оорусуна каршы 1 жашка толгон балдардын арасында – 93,2% (2017-жыл 95,0%);
2 жаштагыларга кептөөр, селеймеге каршы кайталап эмдѳѳ –95,2% (2017-жыл 96,4%), көк жөтөлгө каршы – 96,4%;
6 жаштагыларга кызамык-тепки-кызылчага каршы – 97,1% (2017-жыл 95,9%), ал эми кептөөр жана селеймеге каршы – 97,1% (2017-жыл 95,1%);
11 жаштагыларга АДС-М– 95,7% (2017-жыл 100%), 16 жаштагыларга – 96,4% (2017-жыл 98,9%), 26 жаш – 96,4% (2017-жыл 93%), 36 жаш – 88,3% (2017-жыл 96,8%), 46 жаш – 92% (2017-жыл 95,8%), 56 жаш – 92,3% (2017-жыл 93,8%)га аткарылды.
2018-жылдын жыйынтыгында эмдөө менен башкарууга мүмкүн болгон оорулар – кептөөр, ымыркайлардын селеймеси, шал, сенек, тепме оорулары катталган жок.
Шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан 2018-жылга карата шаардын аймагында адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден калкты коргоо, жаныбарлардын жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес ылаңдарын алдын алуу, жок кылуу, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн тамак-аш продуктыларынын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштер жүргүзүлгөн.
Жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча эпизоотиялык иш-чаралардын планынын алкагында Сибирь жарасы, шарп, кутурма ж.б. оорулардын алдын алуу үчүн керектүү биопрепараттар жана вакциналар менен камсыз болгон. 2018-жылдын 12 айынын ичинде эмдөө иштери план боюнча аткарылды. Мындан сырткары айыл-чарба жаныбарлары башка инвазиялык ооруларга каршы дегельминтизациядан өткөрүлүп, диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлдү.
2018-жылга карата 1063 баш жылкы, 4 096 баш кара мал, 103 баш кой-эчки, 23 баш чочко 65 баш ит бруцеллёзго диагностикалык изилдөөдөн өткөрүлдү.
Ал эми, канаттуулар туберкулезго аллергиялык изилдөөгө 2 527 баш өткөрүлүп, чума оорусуна “Н” менен 14 525 баш, чума “Ла-Сота” менен 15 062 баш эмделген. Андан сырткары, жыл башынан мал жандыктарды жана канаттууларды идентификациялоо планы 3892 болсо, жыл ичинде 5014 түзүп, коюлган план 125%га аткарылды. Бүгүнкү күндө шаар боюнча эпизоотиялык абал туруктуу.
Дене тарбия жана спорт тармагы
2018-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджеттин эсебинен спорттун 13 түрү боюнча жалпысынан 127 мелдеш каржыланып, 8 Азия чемпионатарына, 1 Азия оюндарына, 5 дүйнө чемпионатарына,1 жаш өспүрүмдөр олимпиадасына, 31 эл аралык, 51 республикалык, 9 шаар ичинде мелдеш жана 26 мелдешке даярдоо сборлору жана 10 ДМЧАдын арасында өткөрүлгөн мелдештерге шаар спортчулары катышып, 165 байгелүү орундарга анын ичинде 51 алтын, 53 күмүш жана 61 коло медалдары багындырылды. Аларды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 816,4 миң сом бөлүнгөн.
Алардын негизгилерине токтолсок: 2018-жылдын 17-22-сентябрына чейин Славакия мамлекетинин Трнава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты болуп Бакиров Эрбол грек-рим күрөшүнөн 1-оунга ээ болгон.
15-сентябрдан 22-сентябрга чейин спорттун кикбоксинг түрү боюнча Италия мамлекетинде өспүрүмдөр арасында дүйнөлүк чемпионат болуп, Касымов Мирбек жана Эшмаматов Рустам 3-орунга ээ болушту.
2-3-август күндөрү Иран мамлекетинин Караж шаарында жаш өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшүнөн Азия биринчилиги болуп, Сыдыков Омурзак 2-орунга ээ болгон.
12-18-ноябрь күндөрү Румыния мамлекетинин Бухарест шаарында 23 жаш курактагыларга чейинкилер арасында дүйнө чемпионатына Дордоков Балбай катышып, 3-орунга ээ болду.
Каратэ-до боюнча 16-19-декабрга чейин Бишкек шаарында Борбордук Азия биринчилиги болуп, анда шаардын 3 спортчусу I, II жана III орундарды элешкен.
Маданият тармагы
Шаардык мэрия жана шаардык маданият бөлүмү тарабынан 2018-жыл ичинде 140 (2017-жылы 91 иш-чарага 538 160 сом сарпталган) маданий иш-чара өткөрүлдү. Маданий иш-чаралардын өтүшүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпысынан шаардык маданият сарайы аркылуу 1 146,5 миң сом жумшалды.
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына шаардык мэрия сүрөт, скульптура искусствосу жана боз үйлөрдүн жасалгасы боюнча катышып, шаардык балдардын сүрөт мектебинин мугалими Мавланкул кызы Айзат сүрөттүн графика түрү боюнча 3-байгелүү орунду жеңип алды. Ал эми, боз үйлөрдүн жасалгасы боюнча Жалал-Абад шаары 2-орунга ээ болду.
Туризм
Туристтик объекттер тарабынан төгүлгөн салык төлөмдөрү 2017-жыл ичинде 20 232,1 миң сомду түзсө, 2018-жыл ичинде 22 228,0 миң сом бюджетке чегерилип, салыштырмалуу өсүү темпинин көлөмү 110,0%ды түздү. Келген туристтердин саны 2017-жыл ичинде 18 962ни түзгөн болсо, 2018-жыл ичинде 20 375ти түзүп, 1413гө көбөйдү.
Шаардык мэрия жана шаардык Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан шаардын туристтик картасы түзүлүп, туристтик объекттердин каражаттарынын эсебинен 1000 даана басылып чыгарылды.
Туризм тармагын жакшыртуунун алкагында шаардыктарга заманбап жеке менчик муз аянтчасы курулду.
Жаштар иштери
Жалал-Абад шаардык Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан 12 ай ичинде 32 ар түрдүү жаштарды моралдык-руханий жактан, интеллектуалдык-физикалык жактан колдоо максатында маданий-массалык иш-чаралар уюштурулуп, өткөрүлдү.
Жалпы 25 иш-чараларга жергиликтүү бюджеттен 328,6 бөлүнүп, анын ичине 21 иш-чара 241,6 миң сом сарпталып, 87,0 миң сом үнөмдөлгөн. Ал эми, демөөрчүлөр жана өнөктөштөр тарабынан 11 иш-чарага 179 750 сом каржыланды.
Андан сырткары, шаар аймагында жайгашкан жалпы орто билим берүүчү мекемелеринде билим алып жаткан окуучуларга дем берүү максатында “Жылдын мыкты окуучу” номинациясын тапшыруу салтанаттуу иш-чарага мэрдин резервдик фондунун эсебинен 21 800 сом бөлүнүп, 40 окуучу сыйланган.
Мамлекеттик тил боюнча жүргүзүлгөн иштер
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын өткөрүү максатында 2018-жылдын 19-сентябрында №-251-б буйругу иштелип чыгып, “Мамлекеттик тилдин үч айлыгы” жарыяланды. Анын алкагында шаар ичинде бир нече иш-чаралар өткөрүлдү. Атап айтсак, жогорку жана атайын орто окуу жайларда, мектептерде, бала-бакчаларда иш-чаралар мерчемдери түзүлүп, мамлекеттик тилдин жумалыктары белгиленди жана атайын бурчтар, лозунгдар илинип, салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду.
“Мамлекеттик тилдин үч айлыгы” жыйынтыкталып, жигердүү катышкан мекеме-ишканалардын кызматкерлерине шаардык мэриянын ыраазычылык каттары тапшырылды.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга жалпы 25,8 сом акча каражаты сарпталды.
Өткөрүлгөн иш-чараларды калктын калың катмарына жеткирүү максатында, шаардык мэриянын алдындагы маалымат борбору аркылуу “Мезгил” коомдук-саясий гезитине25, интернет булактарына 45 мамлекеттик тилди пропагандалоого багытталган берүүлөрдөн 5 материал чагылдырылган.
Шаардын аймагында көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүүсү боюнча 12 жолу рейд жүргүзүлүп, талапка жооп бербеген 47 жердеги көрнөк-жарнак боюнча эскертүү берилип, анын негизинде оңдолду.
Маалымат таратуу айдыңы
Шаардын имиджин көтөрүү жаатында өлкөдөгү ар кайсы интернет сайттар аркылуу шаар тууралуу жаңылыктарды чыгаруу, шаардык мэриянын жана мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштерин өлкө коомчулугун кабарландыруу жагынан шаардык мэриянын алдындагы Маалымат борбору тарабынан тынымсыз иштер жүрүп турду.
2017-жыл ичинде интернет сайттар аркылуу 1101 жолу бардык тармактар боюнча маалыматтар таратылган болсо, 2018-жылдын ичинде маалымат таратуу иши 1449 ге жетти.
Мезгил гезитинин 24 номери чыгып, анда жарыяларды кошпогондо 561тан ашуун ар кандай темалардагы материалдар жарык көрдү.
Шаар аймагында болуп жаткан иш аракеттерди элге кеңири жеткирүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 000 миң сом бөлүнүп, анда шаар тарыхында биринчи жолу “Чолпон ТВ” аркылуу жарым сааттык “Мезгил” маалымат программасы даярдалып, такай көрсөтүүгө берилип жатты. Жалпы 263 видео-материалдар эфирге берилди. Андан сырткары, шаар тууралуу имидждик роликтер, ар түрдүү багыттагы башка роликтер тартылып, Facebook социалдык тармагындагы «Жалал-Абад шаары мэриясы» аттуу тайпа ачылып, шаарда болуп жаткан иштеди күн сайын жарыялап, коомчулукка таркатууда.
Аталган борбор тарабынан жалпы шаар турмушу, жергиликтүү бийлик менен мекеме-ишканалардын иш-аракеттери тууралуу маалыматтар сайттарга, гезит беттерине жана телевидениелер аркылуу эфирге кеткени, жыл ичинде 3000ге материал чагылдырылган.