Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30 сентябры №9
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2-октябрь 2018-жылдагы XII сессиясынын 4-токтомунун 1-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 5-бөлүмүн негиз кылып, шаардык кеӊештин фракцияларынын сунуштарын эске алуу менен, шаардык кеңештин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 02.10.2018-жылдагы 4-токтомунун 1-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Исмаилов Нурбек Сапарбекович чыгарылып, ордуна Исмаилов Баходир Ибрагимович киргизилсин;
Социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Исмаилов Баходир Ибрагимович жана Турдиев Тилекберди Ажиканович чыгарылып, курамы Пулатов Саиб Сабирович жана Таев Элдос Ысаковичдер менен толукталсын;
Өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Деванаев Фарходбек Нишанбаевич жана Эгембердиев Жыргалбек Орозмаматовичдер чыгарылып, курамы Ирсалиев Арапбай Мурзараимович жана Турдиев Тилекберди Ажиканович менен толукталсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Джолдошев |