Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30 сентябры №10
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 07.05.2019-жылдагы XV сессиясынын 1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 26.09.2019-жылдагы чыг.№06-03/2565-катты жана тиркелген иш-кагаздарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 07.05.2019-жылдагы XV сессиясынын 1-токтому менен Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын ВАЗ-2107 кызматтык автоунаасын сатууга уруксат берүү бөлүгү жокко чыгарылып, Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдүн транспорттук агенттигине кызматтык автоунаа катары оперативдүү пайдаланууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин
2. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдүн транспорттук агенттигинин жетекчисине оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталуусун жана багыты менен пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Джолдошев |