Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
.2019-жылдын 04 июлу №20/1
агындагы айылдарда каада салт ырым жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча токтомдорду бекитүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда каада салт ,ырым- жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча айыл өкмөт башчысы Н.Матановдун билдирүүсү боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда каада салт ,ырым- жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча айыл өкмөт башчысы Н.Матановдун билдирүүсү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда ашыкча каада салт ,ырым- жырымдарды, ыксыз чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууда айыл өкмөтүнүн ардагерлер,аялдар,жаштар кенештеринен,айыл аксакалдарынан,айыл имамдарынан кошулуп жамааттарда ашыкча каада тутунууга жол бербөө ,ага кетүүчү ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча тынмсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен натыйжалуу иш алып барылсын жана маркумду акыркы сапарга узатууда,жылдыгын белгилөөдө бодо мал союуга, сый дасторкон салып конок күтүүгө тыюу салынсын.Маркумду акыркы сапарга узатууга алыстан келгендерге ысык тамак уюштурууга 2(эки) баш кой союлсун.
-Маркумдун үй-мүчөлөү тарабынан жыртыш жыртуу,сандык ачуу,челпек бышыруу жана маркумдун жакындарына кийит кийгизүүнү токтотууга өзгөчө көнүл бурулсун. -Жылдыкта себет алып келүү,кийит кийгизүү токтотулсун.
3.Тойлорду өткөрүүдө:
-Үйлөнүү тойдо жаштардын ойноп келүүсүн (фуршет) атайын кафелерде уюштурулбасын,жол коопсуздугун сактоо максматында машиналардын саны 3төн ашпасын.
-Сүннөт той,тушоо кесүү,бешик той жана башка ушул сыяктуу тойлор жакын туугандары менен гана үйүндө өткөрүлсүн. Жылкы ,бодо мал союлбасын. Кабыл алынган токтом боюнча иш жүргүзүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |