Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы №15.1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн балансындагы фронтальный погрузчик техникасын айыл аймагында иштетүү үчүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү »Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Капчыгай айыл аймагында айыл өкмөтүнүн балансындагы фронтальный погрузчик техникасын иштетүү үчүн тарифин хронометраж аркылуу аныктоо тууралуу айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл аймагында айыл өкмөтүнүн балансындагы фронтальный погрузчик техникасын иштетүү үчүн төмөндөгүдөй тариф бекитилсин:
-айыл өкмөтүнүн жумуштарын аткарууда ар бир мото сааты үчүн -1300 сом;
-башка физикалык жана юридикалык тараптарга ар бир мото сааты үчүн-1500 сом;
2. Келишимдин негизинде аткарылган жумуштун көлөмүнө ылайык иштетилген мото саат боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы менен эсептешүү жана аммортизациялык төлөмдөрдү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсептешүү эсебине төлөтүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Бакашовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин агрардык,азык-түлүк, айыл жана суу чарба,жерге жайгаштыруу жер жана жер ресрустары ,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрага К.Кебеков) тапшырылсын.
Капчыгай айылдык кеңешинин төрайымы: | П.Сайдилканова |