Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы №15.2
Капчыгай айыл өкмөтүнүн « Капчыгай –Тоо балы» товардык-сервиздик кооперативинде жаны пародадагы энелик аарыларды өстүрүү жөнүндө
Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн « Капчыгай –Тоо балы» товардык-сервиздик кооперативинде жаны пародадагы энелик аарыларды өстүрүү жөнүндө кооператив жетекчиси Э.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн « Капчыгай –Тоо балы» товардык-сервиздик кооперативи иштеп жаткандыгына байланыштуу бал челекти энелик аарылардын жаны пародадагы аарыга өтүп жаткандыгынан улам башка жактан бал челек киргизүүгө тыюу салынсын.
2. Капчыгай айыл аймагына сырттан келген бал челектерди киргиздирбей көзөмөлгө алып кароо жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин агрардык,азык-түлүк, айыл жана суу чарба,жерге жайгаштыруу жер жана жер ресрустары ,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрага К.Кебеков) милдеттендирилсин
Капчыгай айылдык кеңешинин төрайымы: | П.Сайдилканова |