Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №16.1
Капчыгай айыл аймагындагы ар бир айылдын айыл башчыларынын аткарган иштерин кароо жөнүндө
Капчыгай айыл аймагынын ар бир айылдагы айыл башчыларынын ишин кароо боюнча Капчыгай айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл аймагындагы ар бир айылдын айыл башчыларынын Капчыгай айыл аймагында айылдарда аткарган иштеринин айрым кемчиликтерин белгилөө менен «Канааттандыраарлык» деп табылсын.
2. Айыл башчылардын ишин толук аткартуу жана кемчилдиктерине жол бербөө жактарын көзөмөлдөөсү айыл өкмөт башчысы М. Сатыбалдыевге сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кенештин агрардык,азык түлүк,айыл жана суу чарба,жерге жайгаштыруу ,жер жана жер ресрустары ,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (К.Кебековго) тапшырылсын.
Капчыгай айылдык кеңешинин төрайымы: | П.Сайдилканова |