Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры №16.2
Капчыгай айылдык Кеңеши Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Капчыгай айылдык Кенеши Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Капчыгай айылдык Кенешинин 2019-жылдын 21-январындагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетин бекитилген №11.1 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. 2019-жылдагы бюджетиндеги акча каражат төмөнкүдөй болуп өзгөртүлсүн:
(704) 2215 беренесинен азайтылып:
Кара-Таш айылындагы 42.225 сомунун 28750 сому;
Сары-Бээ айылындагы 42.225 сомунун 28750 сому; ;
Ничке-Суу айылындагы 42.225 сомунун 28750 сому;
Терек-Суу айылындагы 42.225 сомунун 28750 сому;
жалпы 115.0 сом акча каражаты 2222 беренесине которулуп жаныдан бүткөрүлүп жаткан А.Бегитаев атындагы «Сары- Бээ» орто мектебинин ички жасалгалоосуна жана айрым жетишпеген кемчилдиктерине берилсин.
3.2222 беренесиндеги 60.0 сом акча каражаты Ы.Жорокулов орто мектебине 40.0 сом акча каражаты, Терек-Суу орто мектебине 20,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Бөлүнгөн акча каражаты максаттуу өз ордуна жумшалсын.
5.Бул акча каражатын бөлүп берүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Арзи уулу Азизбекке милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Капчыгай айылдык кеңешинин төрайымы: | П.Сайдилканова |