Загрузка документа…
КЕТМЕН ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 21-октябры №94
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 1,5 куб.менен иштеген М-1 каналын 3 куб.суу бата турган кылып чоңойтуу жөнүндө
2019-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин Токтогул районунун калкы менен жолугушуусунда “Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Узун-Акмат гидоручасткасынын 1974-жылы курулган М-1 каналына 1,5 куб суу батып 580 га.жерге ылайыкталып ишке берилгендиги,ошол жылдан бери бирда жолу капиталдык ремонттон өтпөгөндүгү,азыркы учурда жалпы айдоо аянты 1200 га.жетип суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк жок экендигинен дыйкандардын нааразычылыгы туулуп жаткандыгы боюнча” -көйгөйлүү маселе көтөрүлүп колдоого алынды. М-1 –каналы боюнча Узун –Акмат суу чарба башчысы Мырзабеков Токтогондун толук маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин Токтогул районунун калкы менен жолугушуусунда Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн дыйкандары жана жалпы калкы тарабынан айтылган суроо талабы эске алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Узун-Акмат гидоручасткасынын 1974-жылы курулган. М-1каналына 1,5 куб суу батып 580 га.жерге ылайыкталып ишке берилгендиги,ошол жылдан капиталдык ремонттон өтпөгөндүгү, азыркы учурда жалпы айдоо аянты 1200 га. жетип суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк жок экендиги эске алынып М-1 каналына келүүчү суунун көлөмүн 3 куб. суу бата турган каналга ылайыкташтыруу боюнча иш алып баруу Узун –Акмат суу чарба башчысы Мырзабековго милдеттендирилсин.
3. М-1 каналына келүүчү суунун көлөмүн 3 куб. суу бата турган каналга ылайыкташтыруу боюнча Узун –Акмат суу чарба башчысы Мырзабеков менен биргеликте иш алып баруу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жер адиси Токтоболот уулу Медетке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
|