Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16 августу №2
Ак-Коргон айыл аймагындагы Ак-Коргон айылында жайгашкан Ак-Коргон структуралык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Сариева Гулбаранын кайрылуусун кароо жөнүндө
Ак-Коргон айылдык кенешинин 27-чакырылышынын 16-сентябрь 2019-жылдагы кезексиз 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Ак-Коргон айылындагы Ак-Коргон структуралык бөлүмүн таза суу менен камсыз кылууга жана суу сактагыч курууга 60000 (алтмыш мин) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен ажыратып берилсин.
2.Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге милдеттендирилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
5.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык кенешинин эеономика жана бюджеттик туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүнбашчысынын орунбасары Ө. Торобековго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов |