Загрузка документа…
0
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17 ноябры №2
Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (тарансфармациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жыл №145 жерлерди которуу (тарансфармациялоо) жөнүндө мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жыл №169 токтомун,Сузак айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп Кыр-Жол айылындагы көчкү коркунучундагы турган элдерди көчүрүү жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу максатына Каркыра Мисте участкасынан 20,0 га кайракы жер аянты калктуу конушттар категориясына которуу максатында,ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кеңештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Каркыра-Мисте участкасынан 20,0 га кайракы жер аянты калктуу конушттар категориясына которулсун.
2.Кыр-Жол айылындагы жашаган элдерди сел жана жер көчкү коркунучунан сактап калуу үчүн ушул токтомду бекитип берүү Сузак райондук мамлекттик админстрациясынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областык ыйгарым укутуу өкүлчүлүгүнөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
3.Токтомдо көрсөтүлгөн Кыркыра Мисте участкасынан 20,0 га калктуу конушттар категориясына которууну каттоо Сузак райондук жер.мам.жер катоо башкармасынан суралсын.
4.Токтомдо көрсөтүлгөндөрдү мыйзамдаштыруу Сузак айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
|