Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы №6/2
Кыр-Жол,Жаң-Дыйкан,Садда жана Камыш-Башы айылдарынын жер көчкүсүнөн жана сел коркунучунан кооптуу жерлерде жашаган атуулдарды жер тилкеси менен камсыз кылуу жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Кыр-Жол,Жаңы-Дыйкан,Садда жана Камыш-Башы айылдарынын жер көчкүсүнөн жана сел коркунучунан коопту жерлерде жашаган атуулдарды жер тилкеси менен камсыз кылуу максатында,ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кенештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Кыр-Жол,Садда,Жаңы-Дыйкан, жана Камыш-Башы айылдарынын жер көчкүсүнөн жана сел коркунучунан коопту жерлерде жашаган атуулдарды жер тилкеси менен камсыз кылуу үчүн Сузак айыл өкмөтүнүн Каркыра-Мисте участакасынан 20,0 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2.Ушул токтомдогу бөлүнгөн жер участкасына атуулдарга турак жай курууга жана башка курулуштаар куруу үчүн 0,08га дан жер аянты бөлүнүп берилсин.
3.Токтомдогу жер аянтын мыйзамдаштыруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
|