Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
.2017-жылдын 24 февралы №6
Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнүн Кыр-Жол айылынын жер көчкүсүнөн жабыр тарткан тургундарына турак жай куруу үчүн жана айыл өкмөтүнүн Таштак сай участкасынан кыш завод куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө, ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кеңештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айыл өкмөтүнүн Кыр-Жол айылындагы жер көчкүсү коркунучу бар участкаларында жашаган атуулдарга турак жай куруу үчүн Каркыра Мисте участакасынан 20,0 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2.Сузак айыл өкмөтүнүн Таштак Сай участкасынан кыш заводун куруу үчүн 2,26 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
3.Турак жай кыш заводу куруу үчүн ажыратылган жердин мыйзам чегинде юридикалык документтерин даярдоо Сузак айыл өкмөтүнүнө милдетендирилсин.
|