Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27 майы №10
Жаңы курулуп жаткан cтадиондун атын коюу жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнүн Сузак айылындагы РИИБнүн сол жагындагы заманбап стадионго ат коюу боюнча Сузак РМАнын 27.05.2019-жыл № 05-1/888 сандуу кайрылуусунда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону,дүйнөлүк спорт чебери Р.Санатбаевдин атын коюу боюнча депутаттар карап чыгып ,ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кеңештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сузак айыл өкмөтүнүн Сузак айылындагы РИИБнүн сол жагындагы заманбап стадионго грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону , дүйнөлүк спорт чебери Раатбек Санатбаевдин аты коюулсун.
2.Токтомду көзөмөлдөө Сузак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
|