Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 3-майы, № 160 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө Жогору кесиптик билим берүү системасын андан ары өркүндөтүү, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана жогорку окуу жайларынын кадр, финансылык жана материалдык по-тенциалын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында токтом кылам: 1. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 23-июнундагы № 211 "В.В.Маяко-вский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун кайра түзүү жөнүндөгү" Указы күчүн жоготту деп таанылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө И.Арабаев атындагы Кыргыз мам-лекеттик университетин түзүү менен байланышкан уюштуруу жана финансы маселелерин чечсин. 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык жањы ректор шайланганга чейин бир жумалык мөөнөттө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорунун милдеттерин аткаруучу дайындасын. 5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 6. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирсин. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев