Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июлу №16/2
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тизмегин бекитүү жөнүндө
Баетов айыл аймагындамуниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тизмегин бекитүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тизмеги төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
1 | Үй-бүлөлүк абалы, мүлкү, малдын саны тууралуу маалыматтарды берүү форма №1 | Айыл өкмөтү | акысыз |
2 | Жашаган жери, үлуш жери боюнча мааламкаттар форма №2 | Айыл өкмөтү | акысыз |
3 | Малдарды сатуу боюнча маалымкаттарды берүү форма №3 | Айыл өкмөтү | акысыз |
4 | Айлык тууралуу маалымкаттарды берүү форма №4 | Айыл өкмөтү | акысыз |
5 | Мал оорулардын алдын алуу максатында муниципалдык ветеринардык кызмат көрсөтүү | Айыл өкмөтү | акысыз |
6 | Жер участокторуна, чарбакка, иштетилген жерлерге укук документтерди жол жоболоштуруу | Айыл өкмөтү | акысыз |
7 | Кыш мезгилинде карышкыр атууну уюштуруу | Айыл өкмөтү | акысыз |
8 | Кургак учук менен ооругандар үчүн жол кире төлөп берүү | Айыл өкмөтү | акысыз |
9 | Жардамга муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жалгыз бой адамдарга жардам көрсөтүү | Айыл өкмөтү | акысыз |
10 | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы окуу жылына карата окуу куралдар, форма, бут кийим алып берүү | Айыл өкмөтү | акысыз |
2. Баетов айыл аймагынын муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө тизмегине ылайык иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | К.Абакиров |