Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну №XXVIII/2
Баетов айылындагы аты жок көчөлөргө наам берүү жөнүндө
Баетов айылынын түндүк тарабындагы аты жок көчөлөргө наам берүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баетов айылынын ички көчөлөрүнө наам берүү боюнча комиссиясынын сунушуна ылайык, Баетов айылынын түндүк тарабындагы көчөгө согуштун ардагери маркум Сейитбаев Турардын наамы берилсин.
2.Сейитбаев Турардын наамы берилген көчөгө ар бир үйгө табличкаларды илүү, прожекторлорду койдуруу, көчөгө көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерин жыл сайын жүргүзүү, шагыл төгүү, тазалыгын дайыма кароо жана башка жумуштарын аткаруу жагы маркумдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3.Баетов айылындагы наам берүү боюнча Жобого ылайык иш алып баруусун көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарына тапшырылсын.
Төрага | Б.Капарбек уулу |