Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу №XXX/1
Баетов айылындагы жашоочулардын үйүнө суу киргизүүнү токтотуу жөнүндө
Баетов айылындагы жашоочулардын үйүнө суу киргизүүнү токтотуу жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Баетов таза суу, таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асан уулу Нурсултандын билдирүүсүнө ылайык, айыл ичиндеги суу түтүкчөлөрүнүн басымы аз болуп, айылдын жогору жактагы жашоочулары ичүүчү таза суу менен толук кандуу камсыз болбой жаткандыктан жашоочулардын үйүнө ичүүчү таза сууну киргизүү жагы убактылуу токтотулсун.
2. Жашоочулардын үйүнө суу киргизүүнү убактылуу токтотуу жагы “Баетов таза суу, таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Асан уулуна милдеттендирилсин..
3 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана тармактык комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Б.Капарбек уулу |