Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-сентябры №XXXII/1
Баетов айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын, мүлк салыгын киргизүү жана 1-2-3 топ боюнча обьектилердин мүлк салыгы жана К-3 зоналык коеффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2013-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү №231 чи Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Баетов айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинде” көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрүн көбөйтүү менен жеригиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин-айыл чарбасына багытталган жерлердин салыгы, короо-жай алдындагы багбанчылыкка жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы-1.2.3-топ боюнча мүлк обьектилеринин мүлк салыгы;
2. К-3 зоналык коэффициентинин мааниси 0,8 өлчөмдө бекитилсин.
3. Жер салыгынын 1-2-3 топ боюнча обьектилердин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Б.Капарбек уулу |