Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-сентябры №XXXII/2
Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине карата үйлөнө турган 9 балага турак-жай салууга жер чечип берүү жөнүндө
Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине карата үйлөнө турган 9 балага турак-жай салууга жер чечип берүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезектеги XXXI I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине карата үйлөнө турган 9 балага турак-жай салууга жерин чечип берүү жагы Ак-Талаа шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
2. Турак-жай салууга чечилген жер аянтына мамлекеттик каттоо китебин алууга жергиликтүү бюджеттен 45000 (кырк беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 45000 (кырк беш миң) сом акча каражатын Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкко укуктарды каттоо бөлүмүнө мыйзам чегинде которуп берүү жагы башкы бухгалтердин убактылуу милдетин аткаруучу В.Нарматовага тапшырылсын.
3. Турак-жай салууга жер алышкан 9 балага жердин мамлекеттик каттоо китебин берүү жагы Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тармактык комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Б.Капарбек уулу |