Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №XXXIII|/3
Баетов айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга укуктук жактан жардам берүү борборун ачуу үчүн имарат сатып берүү жөнүндө
Баетов айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга укуктук жактан жардам берүү борборун ачуу үчүн имарат сатып берүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Баетов айыл аймагында түзүлгөн Кичи коомдук кеңештин төрайымы Н.К.Мамбетованын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар боюнча берген маалыматы белгиленсин.
Айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга укуктук жактан жардам берүү борборун ачуу үчүн Мейманов Чыңгыздын турак-жайы сатылып алынсын. Сатылып алынган турак-жайга айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган жергиликтүү бюджетинен 500,0 миң акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Капарбек уулу |