Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №XXXIII/1
ПРООНго Баетов айылынын көчөлөрүн жарыктандырууга жазылган долбоордон которулуп келген акча каражатын бекитүү жөнүндө
ПРООНго Баетов айылынын көчөлөрүн жарыктандырууга жазылган долбоордон которулуп келген акча каражатын бекитүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баетов айыл өкмөтүнө ПРООН долбооору аркылуу көчөлөрдү жарыктандырууга жазылган долбоордун негизинде , ПРООН долбоору аркылуу которулуп келип түшкөн 1000000 (бир миллион)млн сом акча каражаты Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 70629 ЖКХ разделинин 3111 стаьясына бекитилсин.
2.Бекитилген акча каражатынын өз максатында пайдаланылышын камсыз кылуу жагы башкы бухгалтердин милдетин убактылуу аткаруучу В.Нарматовага тапшырылсын.
Төрага | Б.Капарбек уулу |