Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01 февралы № XXХV/1
Бала бакча ачуу жөнүндө
Баетов айылындагы “Тынчтык” бала бакчасынын карамагында турган “Тынчтык-3” бала бакчаны өзүнчө бала бакча кылып ачуу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз XXХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча тармактык комиссиясынын 2019-жылдын 29-январындагы сунушуна ылайык, Баетов айылындагы “Тынчтык” бала бакчасынын карамагында турган “Тынчтык-3” бала бакчасы өзүнчө бала бакча болуп ачылсын.
2. Жаң ачылып жаткан бала бакча “Жаш-Тилек” бала бакчасы деп аталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлго алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Орун басар: | Н.Мамбетова |