Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты №XXXVII |4
Баетов айылындагы аты жок көчөлөргө наам берүү жөнүндө
Баетов айылындагы аты жок көчөлөргө наам берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын ички көчөлөрүнө наам берүү боюнча комиссиянын сунушуна ылайык, Баетов айылындагы Акаева Жаңылкандын үйүнүн батыш тарабынан түштүктү карай көчөгө алгачкы башкарма маркум Атабеков Канчоронун наамы берилсин.
2. Атабеков Канчоронун наамы берилген көчөгө ар бир үйгө табличкаларды илүү, жарыктандыруу, көчөгө көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерин жыл сайын жүргүзүү, шагыл төгүү тазалыгын дайыма кароо, жана башка жумуштарын аткаруу жагы маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3.Баетов айылындагы наам берүү боюнча Жобого ылайык иш алып баруусун көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу. |