Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты №XXXVII |5
Баетов айылындагы аты жок көчөлөргө наам берүү жөнүндө
Баетов айылынын аты жок көчөлөргө наам берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын ички көчөлөрүнө наам берүү боюнча комиссиянын сунушуна ылайык, Баетов айылындагы Мамытова Нурбүбүнүн үйүнүн түштүк тарабынан чыгышты карай көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум Көлбаев Жумакадырдын аты берилсин.
2. Көлбаев Жумакадырдын наамы берилген көчөгө ар бир үйгө табличкаларды илүү, жарыктандыруу, көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерин жыл сайын жүргүзүү, шагыл төгүү, тазалыгын дайыма кароо, жана башка жумуштарын аткаруу жагы маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3.Баетов айылындагы наам берүү боюнча Жобого ылайык иш алып баруусун көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарына тапшырылсын
Төрага: | Б.Капарбек уулу. |