Загрузка документа…
МАГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25 декабры.№19-57
Мангыт айылынын тургуну Г.Аматкуловдун тамеки пунктундагы эски мончонун имаратын ижарага берүү жөнүндөгү арызы жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айылынын тургуну Г.Аматкуловдун тамеки пунктундагы эски мончонун имаратын ижарага берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын жана 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Мончону ижаралык ыкма менен иштетүү боюнча айыл өкмөтү менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Мангыт айылдык кеңешинин төрөгасы: | Н. Абдураимов. |