Загрузка документа…
МАГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23 майы №21-59
Абдиллаев Тагдырдын “Ак-Шар” участкасындагы соода дүкөнү курулган жер аянтынын максатуу багытын турак-жай жер тилкесине өзгөртүү жөнүндө
Мангыт айылдык Кеңешинин депутаттары Абдиллаев Тагдырдын “Ак-Шар” участкасындагы соода дүкөнү курулган жер аянтынын максатуу багытын турак-жай жер тилкесине өзгөртүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Араван райондук кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынын 01.02.2019-ж. №40 жана Араван райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын 05.01.2019-ж. №34- корутунду каттарына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12 беренесинин 1 пунктуна жана КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252- токтомуна негизденүү менен Абдиллаев Тагдырдын “Ак-Шар” участкасындагы соода дүкөнү курулган жер аянтынын максатуу багытын турак-жай жер тилкесине өзгөртүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын жана соода дүкөнүнүн жер аянтынын максаттуу багыты турак-жай жер тилкесине өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Мангыт айылдык кеңешинин төрөгасы: | Н. Абдураимов. |